(Кыргыз) Таажычан вирустун Мю түрү. Бир жылдан кийин ал тууралуу кандай жаңы маалыматтар бар?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Таажычан вирустун B.1.621 түрү биринчи жолу 2021-жылы Колумбияда катталган болчу. 2021-жылдын май айынду БДССУ аны байкоо жүргүзүлө тургандардын тизмегине киргизген. Кошумча эксперттик талдоодон кийин ал “кызыгууну жараткан түрлөр” (Variants of Interest, VOI) тизмегине которулуп, ага Mu (“мю”) деген аталыш бекитилген. Бир аздан кийин антителолордун коргонуусунан өтүү жөндөмү күчтүүрөөк, индиялык “дельтадан” да коркунучтуураак болушу мүмкүн Mu-нун жаңы мутациялары аныкталгандыгы тууралуу билдирүүлөр пайда болду. Бирок БДССУ 2021-жылдын августунда акыркы тыянак чыгарыш үчүн кошумча изилдөөлөр керектигин билдирген.

Factcheck.kg B.1.621. тууралуу кандай жаңы маалыматтар бар экенин изилдеп чыкты.

Mu түрү: ал канчалык кеңири таркаган

2021-жылдын сентябрь айына карата таажычан вирустун бул түрү 46 өлкөдө катталган. Бирок ал оорунун негизги себепкери боло албады. Статистикага ылайык, таажычан вирус менен ооруган дүйнөдөгү бейтаптардын 0,1%ы гана вирустун ушул түрүн жуктурган. Вирус Түштүк Америкада тез тараганы менен, АКШда жана Европада аны менен ооругандардын саны 1%дан ашпады. Ал баарынан көп катталган өлкөлөр: Колумбия – 39% жана Эквадор – 13%.

Дүйнөдө вирустун Mu түрү менен ооругандардын эң көп саны 2021-жылдын июль айында катталган болчу, андан кийин бул көрсөткүч төмөндөй баштаган.

Коркунучтуу эмес

2021-жылдын августунан тарта Mu түрү БДССУнун кызыгууну жараткан түрлөр” (Variants of Interest, VOI) тизмегинде болчу. Бул категорияга төмөнкүлөр кирет:

  • божомол же такталган маалыматтар боюнча вирустун трансмиссивдүүлүгүнө (жугуштуулугуна), вирус козгогон оорунун катаалдыгына, имундук жоопко, диагностикага же дарылоого туруштук берүүсүнө таасир бериши мүмкүн геномундагы өзгөрүүлөр бар вирустардын түрлөрү;
  • калк арасында бат тараган же бир катар өлкөлөрдө COVID-19дун көптөгөн кластерилеринин пайда болушуна алып келген жана ошого байланыштуу ооругандардын санынын салыштырмалуу өсүшүнө алып келген, же болбосо эпидемиалык кырдаалга кандайдыр бир таасир этип, дүйнөдөгү калктын саламаттыгына жаңы коркунучтун пайда болушун күбөлөгөн вирустун түрлөрү.

Бирок 2022-жылдын 9-мартында Mu түрү “кызыгууну жараткан түрлөр” тизмегинен алып салынган болчу. БДССУнун адистеринин пикиринде, ал эпидемиялык коркунуч болуп эсептелбей калган. Жакында The Science журналында жарыяланган “SARS-CoV-2 B.1.621 (Mu) түрүнүн мүнөздөмөсү” деген илимий иш айтылганды кандайдыр бир деңгээлде тастыктайт.

Кандай түрлөрү коркунучтуу?

Белгилей кете турган жагдай, БДССУнун “кызыгууну жараткан түрлөр” (Variants of Interest, VOI) тизмеги азыр таза.

БДССУнун эң коркунучтуу “тынчсызданууну жараткан түрлөр” (Variants of concern, VOC) тизмегинде учурда BA.1, BA.2, BA.3, BA.4, BA.5 линияларын камтыган Delta жана Omicron бар.

Эскерте кетсек, бул тизмекке жугуштуулугу өскөн, козголгон оорунун катаалдыгы жогору, же колдонулуп жаткан диагностиканын, вакциналардын жана дарылардын эффективдүүлүгү төмөн болгон вирустардын түрлөрү кирет.

Тыянак. Учурда, БДССУнун маалыматы боюнча, вирустун Mu түрү коркунучту жаратпайт, ал 9-мартта эле байкоо жүргүзүлгөн тизмектен алынып салынган.