(Кыргыз) Президенттин резонанс жараткан постундагы каарман жана цитатанын автору ким? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

14 -ноябрда президент Садыр Жапаров добуш саткандарга жана сатып алгандарга карата жоопкерчилик каралганын эскертип, билдирүү жарыялаган. Ал өзүнүн постунда шарж менен белгилүү цитатаны колдонгон. Айрым ЖМКлар бул шарж Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго арналганын жазып чыккан. Шарж кийин президенттин баракчасынан өчүрүлгөнү менен социалдык тармактарда кеңири тарап, резонанс жараткан.

Twitter колдонуучусу бул шарж Сергей Лавровго эмес, публицист Ноам Хомскийге арналганын белгилеген.

Factcheck.kg резонанс жараткан шарждын жана белгилүү фразанын таржымалын изилдеп көрдү.

Белгилей кетсек, постто “өлкөнүн көйгөйү карапайым элди бага албаганында эмес, байлардын эч тойбогонунда” деп айтылат.

Издөө системасынын жардамы менен фраза россиялык белгилүү жазуучу, драматург жана юморист Михаил Задорновго таандык экенин аныктадык. Ал 2017-жылы жарык көргөн “Задорное чтиво” аттуу китебинде Мекен, мамлекет, тарых, илим жана чиновниктер тууралуу ой жүгүрткөн. 10 дон ашуун китептин автору “Задорное чтиво” аттуу китебинде жогорудагы фразаны калтырган.

Михаил Задорнов

Бирок бул цитатаны алгачкы варианты “Көйгөй карапайым элди бага албаганда эмес, байлардын суроо-талабын канааттандыра албаганда”  деп айтылган жана анын автору америкалык окумуштуу Жак Фреско.

Фреско социалдык инженерияга кызыгып, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселесин иштеп чыккан. Окумуштуу өнүккөн, туруктуу коомду ресурстарды туура бөлүштүрүү аркылуу түзүүгө болот деп эсептеген.

Жак Фреско

Улуу Депрессия мезгилинде ал заводдор менен фабрикалар сырьё жана ресурстарга толуп турса, адамдардын көбү ачарчылыкка кабыларына таң калган. Ал өз пикирин автордук “Венера” долбоорунда билдирген.

Шарждын автору ким?

Шарж алгач интернетте “Украина прессасы” басылмасы тарабынан 2014-жылы жарыяланган. Басылма  “Россиянын ТИМ башчысы Лавровдон тамаша: «Батыш санкциялары Россия экономикасына залакасын тийгизбейт»” аттуу макаласын чыгарган.

Анда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «France 24» аттуу француз телеканалына берген интервьюсунда өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу айткандары белгиленет.

“Лавров орус рублинин катастрофалык кыйрашына камырабай туруп, Батыш өлкөлөрүнүн санкциялары өлкөнүн экономикасынын кыйрашына алып келбегенин билдирди”, – деп айтылат макалада.

Кийинчирээк социалдык тармактардын колдонуучулары Лавровго арналган шаржды кеңири жайылта баштаган. Ага кошумча кылып Задорновдун цитатасын да көрсөтүшкөн.

 

 

Жыйынтык: шарж Россиянын тышкы иштер министрли Сергей Лавровго арналып, 2014-жылы “Украина прессасы” басылмасы тарабынан жарыяланган. Ал эми белгилүү фраза Михаил Задорновго таандык. Задорнов америкалык окумуштуу Жак Фресконун билдирүүсүн өзгөртүп, китебине чыгарган.