(Кыргыз) Бишкектеги мыйзамсыз курулуш менен Ош аэропортун реконструкциялаган компаниянын байланышы

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинде курулуп аткан SMART аттуу көп кабаттуу турак-жайы мыйзамсыз экенин 24.kg агенттиги мамлекеттик курулуш агенттигине таянып, жазып чыкты. Агенттиктин айтымында “SMA GROUP” (СМА групп) ЖЧКсына тиешелүү эскертүү берилгени менен, учурда курулуш иштери уланып, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын бузулушуна жол берилүүдө. 

Бишкек шаарынын архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы өзүм билемдик жана баш ийбестик үчүн материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүдө. Мамкурулуш өз кезегинде курулушчулардан уруксаты жок имараттарды курууну баштабоону өтүнөт.

Factcheck.kg мыйзамсыз курулушту жүргүзгөн компаниянын артында кимдер турарын аныктады. 

SMA GROUP

SMA GROUP компаниясы 2020-жылдын декабрь айында негизделгенин Osoo.kg маалымдайт. Компаниянын ээси Мурзалы Салиев фармацевтика, курулуш, цемент өндүрүү жана башка тармактарда иштеген 10 компанияга ээлик кылат. SMA GROUP компаниясынан тышкары бардык ишканалар Ош шаарында жана Ош облусунда катталган. 

35 жаштагаы Мурзалы Салиев 2016-жылы “Төөлөс” партиясынан Ноокат районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты болгонун тастыктаган тиешелүү документ Factcheck.kg редакциясында бар. Салиев тууралуу башка маалымат ачык булактардан табылган жок. SMA GROUP компаниясынын социалдык тармактардагы баракчасында учурда Сухэ Батор жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Венециан” комплекси жана мыйзам жол бербеген SMART турак-жайы курулуп атканыны тууралуу маалымдалат. 

Мындан тышкары, SMA GROUP компаниясы Чет-Булак тилкесиндеги “Мадина” шаарчасынын курулушуна катышкан. Эске салсак, аталган шаарчада 2021-жылы кыргыз-тажик чек ара чырынан мерт болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө турак-жай курулган. Фирма 10 дон 30 га чейин үй курган, калгандарын атактуу “Ихлас” компаниясы тургузган.

Белгилей кетсек, SMA GROUP бүгүнкү күнгө чейин бюджетке бир тыйын салык төлөбөгөнүн “Ачык бюджет” порталы маалымдайт:

 

Айрым булактарда SMA GROUP компаниясы Мурзалы Салиевге тиешелүү Ош шаарындагы «Элит Строй Сити» аттуу курулуш компаниясынын өкүлчүлүгү экени айтылат. 

“Элит-Строй-Сити”

 “Элит-Строй-Сити” компаниясы тууралуу Ош аэропортундагы кырсыктан кийин ММКлар жазып чыкты. Эске салсак, Ош аэропортунун реконструкциялоого акыркы он жылда эки жүз миллиондон ашуун каражат сарпталган. Ремонт иштери 2012-жылы бир нече баскыч менен ар кандай компаниялар тарабынан жасалган. 

Акыркы долбоордун жана бешинчи баскычтын алкагында 2017-жылы күтүү залын кеңейтүү иштери башталып, 2018-жылы аяктаган. Зал 870 чарчы метрге кеңейтилип, жыйынтыгында 8 миң 390 чарчы метрди түзгөн, ал эми ремонт иштерин жогоруда айтылган «Элит-Строй-Сити» компаниясы аткарган. 10 жылда корогон каражаттын таржымалын транспорт прокуратурасы иликтөөгө жең түрдү. Аталган компания мамлекеттик тендерлерди байма-бай утуп, жалпы жонунан бюджеттен 234.5 млн сом алганын “Ачык бюджет” порталы маалымдайт. 

 

Ал эми Ош ТВ редакциясы тендерлердин суммасы жалпы жонунан 1.2 млрд сомдон ашканын жазып чыккан

Жыйынтык: SMA GROUP тиешелүү уруксаты жок турак жай комплексин куруп атканы менен керек болсо таштанды чыгаруу үчүн да бюджетке бир тыйын салык төлөгөн эмес. Ишканага Ош шаарынан ири бизнесмен ээлик кылат.