(Кыргыз) Киргизия-1 жаңы конушундагы мыйзамсыз курулуштун артында ким турат? Фактчек

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Киргизия-1 жаңы конушунда көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулуп атканы тууралуу эл өкүлү Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында курулуштун башкы планы жок болгондуктан, ага тыюу салынган. Мындан тышкары, депутатка жергиликтүү эл арыз менен кайрылган

Factcheck.kg курулуштун артында ким турганын аныктады. 

Дастан Бекешев кайрылуусунда курулуш иштери жүрүп жаткан жерге барып, сүрөткө тартып алган. Сүрөттөн компаниянын аты Royal Construction экенин көрсө болот. Аталган ишкананын расмий сайтынан анын юридикалык аталышы “Капитал Строй Инвест” экенин биле алдык.  

Osoo.kg маалыматына ылайык, аталган компания Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айтмаматовдун энеси Кулбаева Канымбу Маматемировнага таандык. Кулбаева компаниянын тең негиздөөчүсү жана директору. Тең негиздөөчүлөрдүн катарында Акжигитов Мирлан Толонович жана Кенжеев Талантбек Шадимуратович толуктайт. Учурда курулуш компаниясы жети объект курууда. Алардын бири Киргизия-1 жаңы конушунда салынып атат. Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, аталган жаңы конушта Consul аттуу клуб үйү курулууда. 

Үйдүн сырткы дубалдары жылуулук менен камсыздалат, үн изоляцияланат, жер астындагы унаа токтотуучу жай, коноктор үчүн токтотуучу жай, газ, үнсүз лифттер, борбордук канализация, борбордук суу түтүктөрү, балдар аянтчасы болот жана короого темир эшиктер орнотулат. 

 

Бул үйдүн чарчы метри 1500 долларды түзөт. Курулуш иштери 2020-жылдын соңунда бүтөрү пландаштырылууда. 

Мурдагы бажычынын үй-бүлөсүнүн бизнеси 

Бажычынын энеси Канымбу Кулбаева дагы төрт компанияда директор жана/же негиздөөчү: 

Нурбек Айтмаматовдун жубайы Чынара Матанова 1983 -жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Матанова турак-жай жана турак-жай эмес имараттарды куруу менен алектенген «НТС трейд» компаниясына ээлик кылат

 Айтмаматовдун эмгек жолу

Нурбек Айтмаматов бажы кызматында эмгек жолун 2004-жылы баштаган. Ал Ош бажысында инспектор кызматын аркалаган. 14 жылдын ичинде Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси болгон. 2021-жылдын июнь айында УКМК Айтмаматовдун көмүскө кирешелерин аныктап чыккан. Ведомствонун айтымында, ал өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, товарларды жалган декларациялоо жана товарларды жалган транзиттик өткөрүү боюнча коррупциялык схемаларды уюштурган.

«Нурбек Айтматов мыйзамсыз жол менен табылган материалдык байлыктарды ири өлчөмдөгү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуу менен мыйзамдаштырган. Тактап айтканда, анын баасы 4,5 миллион долларга жакын 30 бирдик люкс батирлери, 1 миллион долларга жакын 10дон ашык автоунаасы бар. Айтматов көмүскө кирешенин бир бөлүгүн курулуш компаниялары аркылуу мыйзамдаштырган, негизги акциялары өзүнө таандык. Түштүк-Батыш бажысынын башчысы УКМКнын СИЗОсунун УККсына киргизилди», — деп айтылат мамлекеттик комитеттин маалыматында.

 

Бир айдан соң Айтмаматов 74 млн сом төлөп, бошотулган. Эске салсак, буга чейин журналисттер Нурбек Айтмаматов менен Райымбек Матраимовдун байланышы тууралуу жазып чыккан. 

Бирок Искендер Матраимов бул маалыматты төгүндөгөн.  

Factcheck.kg курулуш иштеринин себебин аныктоо максатында маселени көзөмөлгө алат.