(Кыргыз) Бажы кызматынын жаңы жетекчиси – ири бизнесмен. Фактчек

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Factcheck.kg Бажы кызматынын жаңы төрагасынын бизнеси бар экенин таап чыкты.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Кубанычбековго 2018-жылдан кийин алты компания катталган, алардын ичинен бешөө учурда иштейт. 

“Индустриал Парк “Силк Вэй” ЖЧКсы – соода, өнөр жай жана текстиль комплекси. Анын жалпы аянты дээрлик 70 гектарды ээлейт. Ири комплекс Казакстан менен чектешкен жерге жакын жана “Манас” эл аралык аэропортунан 30 км алыстыкта ​​жайгашкан

Silk Way логистикалык борбору ишке кирер алдында Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Самат Исабеков курулуштун жүрүшү менен таанышкан.

Мындан тышкары, Аламүдүн райондук администрациясынын аталган аймагында “түшүмдүү жер тилкеси трансформациясыз”, жер мыйзамдарын бузуу менен алынганы аныкталган. 

 

Белгилей кетсек, “Ачык бюджет” порталынын маалыматына ылайык, 2019-жылдан тарта компания 4.2 млн сомдон ашуун салык төлөгөн. 

“Индустриал Парк “Силк Вэй” өз кезегинде дагы эки компаниянын негиздөөчүсү:

 “Силк Вэй” курулуш компаниясы – турак-жай жана турак-жай эмес жайларды куруу менен алектенет. Компания 2018-жылы каттоодон өткөн. Анын негиздөөчүлөрүнүрн катарында Бажы кызматынын жаңы төрагасы Адилет Кубанычбековдон тышкары кайрадан эле Лю Ин деген адамдын ысымын көрө алабыз.

Компания 1.2 млн сомдон ашуун салык төлөгөн. 

 “Кыргыз Энерго Сбыт” ЖЧКсы электр энергиясын бөлүштүрүү менен алектенет. Анын негиздөөчүлөрүнүн арасында бизге таанымал болуп калган Лю Ин жана Кубанычбек Бакиев дагы бар. Бакиев Базар-Коргон округунан бир мандатту система менен Жогорку Кеңешке өткөн. 

“Кыргызнефть”ЖЧКсы жана “Силк Вей Терминал” ЖЧКсы дагы  Адилет Кубанычбековго таандык. Бул эки компания бир эле Алма-Ата көчөсү, 1 дареги боюнча катталган.

Ал эми “Силк Вей Терминал” дагы үч компаниянын негиздөөчүсү:

Эске салсак, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 22-беренесинде мамлекеттик кызматкер коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында боло албары айтылат.