(Кыргыз) Балдарга арналган Диснейдин акциясы — шылуундардын кезектеги амалы

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Мессенджерлерде балдарды коргоо күнүнө арналган Диснейдин акциясы тууралуу маалымат тарады. Колдонуучуларга шилтеме аркылуу өтүп, анкета толтуруу сунушталат. 

 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерди.

Эске салсак, буга чейин Аdidas жана Аmazon компанияларынын акциялары тууралуу маалыматтарды текшерип, экөө тең шылуундардын амалы экенине ынанганбыз.

Диснейдин акциясы да буларга түспөлдөш. Superioraerobic.top доменин текшерип, ал Кытайда 2021-жылы 29-майда катталганын аныктайыз.

Маалыматта камтылган шилтеме аркылуу өтсөк, анкетаны толтуруу сунушталат. Анкетанын төмөн жагында 5 миң сомдон утуп алган колдонуучулардын комментарийлери калтырылган. Бирок, колдонуучулардын аты-жөнү күмөн жаратат, ал эми комментарийлерде каталар байкалат.

 

Андан соң, 4 суроого жооп берүү сунушталат, бирок жооп жыйынтыкка таасир этпейт.

Эми колдонуучу 3 ирет аракет жасап, кутучадагы белекти табышы шарт.

 

Мурдагы “акциялардан” белгилүү болгондой, WhatsApp  аркылуу 20 адамга жана 5 тайпага конкурска катышуу үчүн шилтеме жөнөтүү керек.

Андан соң, тиешелүү индикатор толо баштайт. Бирок, чынында 50-60 адамга жөнөтмөйүнчө, индикатор толбойт.

Акырында каттоону аяктоо керек. Дал ошол учурда коопсуздукка олуттуу коркунуч келтирилгени тууралуу антивирус эскертүү берет.

 

Жыйынтык: фейк.

Балдарды коргоо күнүнө карата Диснейдин акциясы — шылуундардын кезектеги амалы.