(Кыргыз) “Мекенчил Эл” партиясы өзбекстандык жана россиялык партиялардын программаларын көчүрүп алган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

“Мекенчил Эл” саясий партиясы шайлоо программасын өзбекстандык “Адолат” жана россиялык “Единая Россия” партиясынын программаларынан көчүрүп жазган.

Factcheck.kg аталган партиянын программасынын текстин текшерип, плагиат таап чыкты.

Программа социалдык теңдик, медицина, калктын ден-соолугу жана улуттук фармацевтика аттуу бир нече блоктон турат. Текст өзбекстандык “Адолат” социал-демократиялык партиясынын программасына 95% шайкеш келет. Башкача айтканда программа өзгөртүүсүз, сөзмө-сөз көчүрүлгөн

“Адолат” Өзбекстан социал-демократиялык партиясынын шайлоо программасы

“Мекенчил Эл” партиясынын программасы

Ал эми калган блоктор “Единая Россия” партиясынын программасынан алынган.

“Мекенчил Эл” партиясынын курамында кимдер бар? 

“Мекенчил Эл” 2021-жылдын 3-июнунда каттоодон өткөн жаңы партия. Партиянын жетекчиси Бакыт Ибраев.

Factcheck.kg саясий уюмдун алгачкы он талапкери тууралуу маалыматты ачык булактардан издеп көрдү. Талапкерлердин көбү ишкерлер. 

Өмүрзак Төлөбеков – сценарист, продюсер жана “Ак-Жол”, “Ак-бата”, “Жаңылык” гезиттеринин жетекчиси.  Анын “Семетей Манастын уулу” аттуу эл аралык кино долбооруна Садыр Жапаров демөөрчүлүк кылган.  

Ахунбай Кошоев –  Талас облусунун Көпүрө-Базар айылынын тургуну, Эркин экономикалык аймагынын инвесторлор ассоциациясынын директору. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык DOLKON & TABAK, “Озкент” тамеки компанияларын негиздеген. 

Гүлмира Жаанбаева – чийки муңай өндүрүүчү “Ат Башы ОЙЛ” ЖЧКсына мунай өндүргөн “Жун Мин Ю Чи” кытайлык фирмасына жетекчилик кылат.  

Ал социалдык тармактагы баракчасында Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинде “Укук таануу” адистигинде окуганын көрсөткөн

Маматкадыр Тиллебаев – БШК сайтында жумушсуз деп көрсөтүлгөнүнө карабай, Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык, 10 компаниянын негиздөөчүсү:

 

 

Нарынбек Молдоисаев – Нарын облусунун ички иштер башкармасынын мурдагы жетекчиси. 

Абдыкадыр СултанбаевЖКнын лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы, КР Журналисттер союзунун төрагасы. Declarator порталынын маалыматына ылайык, 2018-жылы 1 млн сомго чейин киреше тапкан. Анын жакын тууганына аянты 190 чарчы метр үй жана 165 чарчы метрлик курулуш таандык.  

Нуржан Джумагазиева -Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин полиграфия кафедрасынын башчысы. 

Самат Үсөнбаев – Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кенже инспектору. 

 Ороке уулу Ырысбек – жумушсуз. Бул талапкер тууралуу маалымат ачык булактардан табылган жок. 

Жыйынтык: “Мекенчил Эл” саясий партиясы шайлоо программасын өзбекстандык “Адолат” жана россиялык  “Единая Россия” партиясынын программаларынан көчүрүп жазган.