(Кыргыз) Эң суук кыш тууралуу маалымат 4 жылдан бери айтылып келет

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда быйылкы кыш эң суук болору тууралуу айтылды. Бул маалыматты жайылткандар европалык атактуу Джеймс Мэдден аттуу метеорологдун сөзүнө шилтеме берген.

Кыргызстанда октябрь айында алгачкы кар жаап, суук түшкөнүнөн улам, быйыл эң суук кыш болору тууралуу маалымат күмөн жаратпай, социалдык тармактардын колдонуучуларын кооптондурду.  

Бирок ал канчалык деңгээлде чын экенин Factcheck.kg текшерип көрдү. 

Жаңылыкты жайылткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардыгы wonderworld.su аттуу сайтты алгачкы булак катары көрсөтүшкөн. Бирок учурда бул сайт сатыкка чыгарылганын көрсө болот.

Биз веб-архив аттуу куралды колдонуп, сайттын мурдагы баракчаларын изилдеп чыктык. Көрсө, бул сайтта эң акыркы маалымат 2020-жылдын 7-июнунда жарыяланган экен. Ал эми сайт өзү көңүл ачуу максатында иштеген.

Google издөө системасынын жардамы менен эң суук кыш тууралуу маалымат 2017-жылы эле жарык көргөнүн аныктайбыз.  

Төрт жыл мурда чыккан жаңылыкта “британиялык климатолог Джеймс Мэддендин” сөзүнө шилтеме берилген. Эми бул адам тууралуу маалыматты издеп көрөлү.  Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында Exacta Weather компаниясын жетектерин белгилеген. Бирок бул компания Улуу Британияда каттоодон өткөн эмес, андыктан Медден жөн гана жеке ишкер жана анын адистер тобу жок экенин билдирүүлөрүнөн аныктай алдык.

Ал эми интернетте Джеймс Мэдденди шылуундукка айыптаган бир нече маалыматты көрө алабыз. Ал алгач 2010-жылы эң суук кыш болорун алдын ала айтып, таанымал болгон.  

Чынында Мэддендин аба ырайы тууралуу алдын ала айтканынын көбү иш жүзүндө аткарылбай калат. Мисалы, 2014-жылы эң суук кыш болорун айтса, ал жыл кадимкидей эле өткөн. Мындан тышкары, 2016-жылы эң ысык жай болорун маалымдаган. Бирок, чынында бул жай дагы өзгөчөлөнгөн эмес.

Эми квалификациялуу синоптиктердин жана метеорологиялык кызматтардын божомолдорун карап көрсөк. Азырынча быйылкы кыш тууралуу так божомолдор жок.  Бирок алдын ала маалыматка ылайык, 2021 -жылдын октябрынан 2022 -жылдын мартына чейинки мезгилде кадимкидей эле кыш күтүлүүдө.

2021-2022 жылкы кыш тууралуу маалымат Кыргызгидрометтин сайтына чыга элек, бирок Кыргызстандагы эл аралык метеосервистердин айтымында быйылкы кыш өзгөчө болбойт.

Жыйынтык: жалган. Эң суук кыш болору тууралуу 2017-жылдан бери эле убадаланып келе жатат. Ал эми маалыматтын алгачкы булагы болгон Джеймс Мэдден буга чейин аба ырайы тууралуу божомолдорунда бир нече ирет жаңылган.