(Кыргыз) Шаардык кеңешке кайрадан өткөн депутаттар буга чейин эмне иш жасаган?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

11-июлда Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо болуп, жыйынтыгында 6 партия жеңишке ээ болду. Партиялар жана аймактык шайлоо комиссиясы бекиткен тизмекке ылайык, буга чейинки чакырылышта иштеген кеминде 14 депутат кайрадан мандатка ээ болду.  Алардын айрымдары шаардык кеңеште бир нече ирет депутат болгон.  

Factcheck.kg депутаттык креслого кайрадан ээ болгон талапкерлердин буга чейинки шаардык кеңеште жасаган ишине жана демилгелерине көз чаптырып көрдү.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамында эң көп “эски-жаңы” депутаттарды көрсө болот.

“Ата-Журт Кыргызстан”

Бул партиядан 9 депутат мандатка ээ болсо, алардын төртөө эски депутаттар:

№1. Бактыбеков Алымбек, буга чейин “Республика – Ата Журт” партиясы менен шаардык кеңешке өткөн. Ал экс-президент Курманбек Бакиевдин аппарат жетекчиси болгон Үсөн Сыдыковдун небереси экени белгилүү. Бактыбековдун атасы – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты (“Республика – Ата Журт”) Бактыбек Сыдыков. Сыдыков 2020-жылкы парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын курамында аттанган.

Алымбек Бактыбеков шаардык кеңеште депутат болгон мезгилде бизнеси менен гана алек болгону белгилүү. Ал “АККА” Компаниялар тобу ЖАОнун башкарманын төрагасы. Ал эми депутат катары “Ак-Өргө” жаңы конушундагы жаңы балдар аянтчаларынын ачылышына катышкан. Аталган жаңы конушта ал бакча курууну сунуштап, ал үчүн жер тилкесин таап берген.

№2. Сурапбаев Таалайбек – “Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон. Ал шаардык кеңешке 2018-жылы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башчысы болуп дайындалган Жолдошбек Жунушевдин ордуна келген. Апрель айындагы шайлоодо Сурапбаев тизмекте 10 адамдын аягында болсо, акыркы шайлоодо биринчи орунга жылган. Бишкек шаардык кеңеште иштеп жүргөн кезинде Сурапбаев тууралуу бир дагы жаңылык табылган жок. Демек, депутат катары кандайдыр бир демилге көтөргөнү менен шайлоочунун эсинде калган эмес.

№5. Досиев Эдик – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчисинин орун басары. Ал 2019-жылы мандатын Жогорку Сот аркылуу Аликбай Парпиевден тартып алганы менен эле белгилүү болбосо, анын депутаттык иши жөнүндө маалымат ачык булактардан табылган жок.

№7. Конгантиев Куванычбек – “Кыргызстан” фракциясынын лидери. Мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу жана мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иниси. Кубанычбек Конгантиев 10 жылдан бери депутат. Алгач 2011-жылы “Республика” партиясынан, андан соң “Кыргызстан” партиясынан шайлоо өнөктүгүн утуп келген. Кесиптештерине караганда шаардык кеңеште бир нече демилге көтөргөн. 2020-жылкы парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясы менен аттанган, ал эми апрель айындагы шайлоодо Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын катарына кошулган. Жалпысынан Конгантиев беш партия алмаштырганга үлгүргөн.

“Ынтымак”

“Ынтымак” партиясынын талапкерлери жети мандатка ээ болсо, анын ичинен төртөө учурдагы депутаттар:

№2. Эргешов Казыбек – Бишкек шаардык кенешинин 26, 27-чакырылыштарынын депутаты, “Республика – Ата-Журт” фракциясынын жетекчисинин орун басары. Акыркы эки жылда мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү тууралуу кеп козгогон. Жети баласы бар болгонуна карабай, мектеп лагерлери боюнча ага сунуштар түшпөгөнүн айткан. Мындан тышкары, мэрияга еврей мектебинин коммуналдык төлөмдөрүн төлөбөшүн сунуштаган. Депутат кыш мезгилинде сабактардын санын азайтуу сунушун киргизгени менен да белгилүү. 2020-жылкы парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын курамында ат салышкан.

№3. Жолдошбаева Наргиза – учурда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын депутаты. “Беш-Сары” ЖЧКсынын башкы директору жана унаасы жок кесиптештеринен уялган Камчыбек Жолдошбаевдин кызы. Жолдошбаева тууралуу ачык булактардан маалымат издесек, жалаң атасынын же өзүнүн бизнесине байланышкан жаңылыктар чыгат, ал эми анын депутаттык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат табылган жок.

№4. Калыков Мийзамидин – учурда “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты. Анын буга чейинки ишмердүүлүгү, демилгелери тууралуу маалымат дээрлик жок. Бир гана гидроэлектростанцияларды куруу менен алектенген “Кыргыз гидроэнергострой” ЖЧКсы жана бышкан кыш менен чатыр плиткаларды өндүргөн “Кан Ти Мал” ЖЧКсы тууралуу маалымат табылды.

№5. Сариев Таалайбек – “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын 26, 27 чакырылыштарынын депутаты, Камчыбек Жолдошбаевдин иниси.  Сариев тууралуу бир нече жаңылык табылды. Ал Бишкектеги Ленин районунун тургундарына пандемия учурунда жардам берген жана райондордун аталыштарын өзгөртүүнү сунуштаган.

“Ишеним”

“Ишеним” партиясы сегиз мандатка ээ болсо, алардын үчөө учурдагы депутаттардын колуна тийди.

№1. Аматов Рысбай – шаардык кеңештин 26, 27-чакырылыштарынын депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидеринин орун басары. 26-чакырылышка “Ата Мекен” партиясынын жеңиши менен келген.

2018-жылы Биринчи май районун Чыңгыз Айтматовдун ысымына которууну демилгелеген. Мындан тышкары, мурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө маселесин биринчи болуп көтөргөн.

№2. Исмаилов Сайдахмат – Бишкек шаардык кеңешинин 25, 27- чакырылыштарынын депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидеринин орун басары. Апрель айындагы шайлоого КЭДП менен аттанса, былтыр күзүндө “Биримдиктин” катарын толуктаган. Акыркы шайлоо өнөктүгүн “Ишеним” партиясы менен жеңди. Исмаилов тууралуу жаңылык дагы көп эмес. Ал мектептердин жыш толгонун жана соода борборлорунун курулушун сынга алган.

№7. Акылбеков Асылбек – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери. 2020-жылы мурдагы мэр Азиз Суракматовдун Нариман Түлеевге кызматын өткөрүп берүүсүн сынга алган. Мындан тышкары эч бир демилге көтөрүп чыккан эмес.

“Эмгек”

“Эмгек” партиясы 11 мандатка ээ болсо, алардын үчөө учурдагы кандидаттарга тиет.

№1. Досалиев Эльмир – “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты. 2020-жылы “Тунгуч” микрорайонундагы унаа токтоткучтун ордуна балдар аянтчасын курууну сунуштаган.  2018-жылы мэриядан Бишкектеги авариялык абалдагы 700 лифтти алмаштыруу үчүн насыя алса болобу деп мэриядан сураган.

№5. Абдиев Бактыбек – “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидеринин орун басары. “Молодежный” бакчасынын ачылыш аземине катышкан. Ал Бишкек менен Пекиндин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында шаардык кеңештин делегациясынын курамында Кытайга барып келген.

№10. Салымбеков Жумабек – КСДП фракциясы, шаардык кеңештин 24, 25, 26, 27 чакырылыштарынын депутаты. “Дордой” жаңы конушунда бюджеттин эсебинен бала бакча куруу мүмкүнчүлүгүн караган, шаардык кеңеште тартип маселесин көтөргөн.

“Социал-демократтар”

Социал-демократтар 5 мандатка ээ болсо, талапкерлердин катарында буга чейин депутат болгондор жок.

“Өнүгүү-Прогресс”

“Өнүгүү-Прогресс” 5 мандатка ээ болсо, талапкерлердин катарында буга чейинки депутаттар жок.