(Кыргыз) КТРК эмне себептен  #Reакция 3.0 митингин чагылдырган?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

29-июнда КТРК сайтында #Reакция 3.0 митинги тууралуу жаңылык жарыяланды. Социалдык тармактардын колдонуучулары тиешелүү пост менен активдүү бөлүшүп атты.  

Андан көп өтпөй маалыматтын алгачкы булагы  Борбор Азия жаңылыктар кызматынын сайты (Эркин Европа үналгысы/Азаттык үналгысы) экени белгилүү болду 

Борбор Азия жаңылыктар кызматы (Эркин Европа үналгысы/Азаттык үналгысы) күн сайын өз жаңылыктарын жергиликтүү ЖМКларга таратып турат. Иш-чара “журналисттерден журналистерге” долбоорунун негизинде жүргүзүлөт. 

“Бул долбоор 5 жылдан тарта иштейт, ЖМКлар биздин жаңылыктарды алып, шилтемеси жок жарыялаганга укуктуу. Себеби, биздин негизги максат — жергиликтүү журналисттерге көмөк көрсөтүү”,  — деп билдирди Айзада Кутуева, Борбор Азия жаңылыктар кызматынын регионалдык редактору. 

“Эркин Европада/Азаттык үналгысы 1150 корреспондент эмгектенет. Чыгыш Европа, Түштүк-Чыгыш Европа, Кавказ, Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө бардыгы болуп 19 бюро иштейт. Биздеги эбегейсиз көп жаңылык, фото, видео жана аудиоматериалдарыбызды сиздер менен бөлүшүүгө даярбыз”, – деп айтылат сайтта

Жогорудагы себептерден улам, КТРКнын жаңылыкты өз сайтына шилтемесиз чыгарышы кесиптик этиканын бузулушуна алып келбейт. 

Буга чейин Factcheck.kg сайтына “МЕДИАСЫН: #Reакция 3.0 митингин мамлекеттик телеканалдар кандай чагылдырган” аттуу макала жарык көргөн. Анда жаңылык “Азаттык” үналгысынын сайтынан алынгандыктан, плагиат тууралуу маалымдалган. 

Factcheck.kg редакциясы окурмандардан жана КТРК редакциясынан кечирим сурап, буга чейинки жарыяланган макаладан плагиат тууралуу маалымат алынып салынганын билдирет.