МЕДИАСЫН: #Reакция 3.0 митингин мамлекеттик телеканалдар кандай чагылдырган? - Factcheck
Избранное Медиасын

МЕДИАСЫН: #Reакция 3.0 митингин мамлекеттик телеканалдар кандай чагылдырган?

30.06.2020

МЕДИАСЫН: #Reакция 3.0 митингин мамлекеттик телеканалдар кандай чагылдырган?

Бишкекте 29-июнда сөз эркиндигин коргоо максатында #Reакция 3.0 митинги болуп өттү. Жеке ЖМКлар социалдык тармактарда түз эфир алып барып атты. 

Factcheck.kg коомдук телеканалдар окуяны кандай чагылдырганына көз чаптырып көрдү. 

Алгач КТРК сайтында тиешелүү жаңылык пайда болуп, окурмандарды таң калтырды. Социалдык тармактардын колдонуучулары жаңылык менен активдүү бөлүшүп атты. 

Бирок, андан көп өтпөй, макала Azattyk.org сайтынан алынганы аныкталды. 

 Соцтармактардын плагиат тууралуу пикир бөлүшүп атты. 

Бирок, мамлекеттик телеканалдардын бири да жаңылыктар түрмөгүндө митинг тууралуу эки тараптуу, толук кандуу сюжет берген жок. 

Ала-Тоо 24 жаңылыктар түрмөгү

КТКРнын кечки жаңылыктарына жалпы жонунан 33 мүнөт сарпталган. Журналисттер алгач өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, бир сутка ичинде катталган жаңы учурлар тууралуу кеп кылды (3 мүнөт).  Андан соң, медициналык кызматкердин статусу тууралуу мыйзам жөнүндө сөз болду. Сюжетте президент бул мыйзамга кол койду, демек, медиктер үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр пайда болду деп айтылат (4 мүнөт).  Кийинки сюжеттерде ооруканаларда 900 бош орун бар экени кабарланып (2 мүнөт 40 секунд), вирустун симптомдору тууралуу (3 мүнөт) кеп козголот. Мындан тышкары, кошумча тез жардам унаалардын ишке киргени (3 мүнөт 40 секунд), Оштогу эпидемиологиялык кырдаал (3 мүнөт), коронавирусту аныктоого көмөк көрсөтүүчү жаңы сайттын ишке киргени тууралуу  (3 мүнөт) сюжеттер берилип атты. Журналисттер шаардын көчөлөрү менен базарлар дезинфекцияланганы (2 мүнөт 20 секунд), кыргызстандык жарандардын Россиядан кайтып келиши жана Германия элчилигинин балдарга гуманитардык жардам көрсөткөндүгү тууралуу (1 мүнөт 35 секунд) айтып беришти. 

Ал эми митинг тууралуу эң акыркы, тагыраагы 11-кезекте айтылды. Бул жаңылыкка КТРК жалпы жонунан 30 секунд убакыт сарптаган. Сюжетте табигый үн алынып салынган, себеби митингдин жүрүшүндө катышуучулар тараптан ар түрдүү лозунгдар, талаптар айтылып аткан. Мындан тышкары, катышуучулардын транспаранттары да кадр сыртында калган. Буга чейинки бардык сюжетте берилип аткан 1-2 интервью, митингди чагылдырганда дээрлик колдонулган эмес.   

Жыйынтык: Тандалма чындык –  манипулятор көрөрманга өзүнө пайдалуу болгон гана чындыкты айтып, ал эми башка маалыматты жаап жашырган пропаганда ыкмасы. Булак – Коул, 1998, 210-312 б.

«Бешинчи каналдын» жаңылыктары

«Бешинчи каналдын» журналисттери да жаңылыктар түрмөгүн өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан баштады. Андан соң, ооркунада көз жумган бейтап жана  тез жардам кызматындагы жаңы унаалар тууралуу сюжеттер берилди. Мындан тышкары, медициналык кызматкердин статусу жөнүндө мыйзам, коронавирус илдетинин дүйнөдөгү абалы, Кыргызстан жарандарынын Россиядан кайтып келиши жана кыргызстандыктарды Түркиядан алып келүү пландаштырылып атканы жөнүндө сөз болду.  

Жаңылыктар 29.06.2020 20:30

Жаңылыктар 29.06.2020#Бешинчи_канал #жаңылыктар

Geplaatst door Бешинчи канал – Пятый канал op Maandag 29 juni 2020

#Reакцияга 8-кезек жана 1 мүнөт убакыт берилди. Алгач диктор нааразычылык акциясынын себептери тууралуу айтып өттү, андан соң, модератор Эркин Нурбаев катышуучулар менен бирге лозунгдарды айтып аткандагы митингден үзүндү көрсөтүлдү: «Кул болбо!», «Сөз эркинидигинен колуңду тарт!» «Кнопка баскыч депутат — менин депутатым эмес!» деген ураандар айтылды.

«Бешинчи каналдын» журналисттери да, КТРКдагы кесиптештериндей, репортаждан интервью даярдап, толук кандуу сюжет берген жок. 

Бирок, жаңылыктар түрмөгүндө көрсөтүлбөгөн сюжет журналист Нарын Айыптын өздүк берүүсүнөн орун алды.  5 мүнөттүк берүүдө журналист митингдин себептери жана жүрүшү тууралуу кенен кеп кылганын белгилейбиз. 

ЭлТР

ЭлТР КТРК менен “Бешинчи каналдан” обочолонуп, кечки жаңылыктарын өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан баштабастан, президент Сооронбай Жээнбековго көңүл бурууну ыраа көрдү. Диктор президенттин Жогорку Кеңештеги жыйынга катышары тууралуу жана анын коронавируска карата тапшырган анализдери таза чыкканын айтып өттү.

Экинчи жаңылык медиктердин статусу тууралуу мыйзам жөнүндө, ал эми кийинкиси COVID-19 вирусунун жаңы учурлары тууралуу болду. 

Ал эми өлкөдөгү ооруканаларда жетиштүү орундар бар экендиги тууралуу эки сюжет даярдалган жана бул темага ЭлТР дээрлик 8 мүнөтүн арнаган. Бардык жаңылыктарга 14 мүнөт сарпталганын эске алсак, ооруканадагы бош орундар тууралуу эки сюжет эфир убактысынын жарымынын көбүн ээлеген.  ЭлТР журналисттери дезинфекция, куткаруучулар тууралуу мыйзам жана Кой-Таш окуяларына байланыштуу сот отурумдары жылдырылганы тууралуу айтып беришти. Ал эми маалыматты манипуляциалоо тууралуу мыйзамга каршы Бишкектин чок ортосунда митинг болуп өткөнүн ЭлТР редакциясы билбейт өңдүү.  

Жыйынтык: Дезинформация пропаганда ыкмасы – коомду туура эмес, толук эмес же толук кандуу бирок маанилүүлүгүн жоготкон, айрым бурмаланган маалыматтар камтылган маалымат менен камсыздоо жана окурмандын/көрөрмандын манипуляторго керектүү кадам жасашына түрткү берүү. Булак– Коул, 1998,  210-312 б.

Пирамида

«Пирамида» медиахолдинги жаңылыктар түрмөгүн президент Сооронбай Жээнбековдун медиктер тууралуу мыйзамга кол койгонунан баштады.  Андан соң бизге тааныш болуп калган коронавирустун жаңы учурлары, ооруканалардагы бош орундар, жаңы тез кызмат унаалары, Оштогу эпидемиологиялык абал жана дезинфекция тууралуу сюжеттер берилди. «Пирамида» диктору мектеп бүтүрүүчүлөрүнө  аттестаттар тапшырылганы тууралуу айтып өттү. Парламенттик телеканалдын журналисттери ЭлТРдеги кесиптештериндей эле сөз эркиндигин коргоо максатында уюштурулган митинг тууралуу укпаган, көрбөгөн өңдүү.  

ПРЯМОЙ ЭФИР🔴: НОВОСТИ //понедельник, 29.06.20

Geplaatst door ОсОО "Медиа Холдинг "Пирамида" op Maandag 29 juni 2020

Жыйынтык: Дезинформация пропаганда ыкмасы – коомду туура эмес, толук эмес же толук кандуу бирок маанилүүлүгүн жоготкон, айрым бурмаланган маалыматтар камтылган маалымат менен камсыздоо жана окурмандын/көрөрмандын манипуляторго керектүү кадам жасашына түрткү берүү. Булак– Коул, 1998,  210-312 б.

Жыйынтык:  #Reакция 3.0 митингин чагылдырууда мамлекеттик телеканалдар манпуляция ыкмаларын колдонгон.