(Кыргыз) Президенттик бала бакча 570 миң сомго проектор сатып алгысы келет

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

30-августта Президенттин жана өкмөттүн иш башкармасына таандык №144 бала бакча мамлекеттик сатып алуулар сайтына дээрлик 570 миң сомго проекторду сатып алуу тууралуу жарыя жайгаштырды. Жарыяны Factcheck.kg сайтынын журналисттери таап чыгышты.

Epson EB-1485Fi лазердик интерактивдүү видеопроектор тамга бекитилет жана кеңейтилген мүмкүнчүлүктөргө ээ. Алар жарыяга тиркелген.

Биз ушундай проекторду орусиялык сатуучулардын сайтынан таптык. Анын баасы 400 миң рублдан 830 миң рублга чейин.

Биринчи жолу интерактивдүү видеопроектор элге 2019-жылдын ортосунда өткөн infoComm көргөзмөсүндө көргөзүлүп, “сүрөттүн 16:6 өзгөчө форматы жана 2880×1080 мүмкүнчүлүгү менен баардыгын таңгалдырганын” аныктадык. Ошондой эле “Epson EB-1485Fi видеопроекторунда дүйнөдө биринчилерден болуп жасалма Full HD мүмкүнчүлүгү колдонулган”, деп айтылат 2019-жылдагы проектор тууралуу макалада.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармасына караштуу бала бакча жабдыкты сатуучулардан билдирмелерди 14-сентябрга чейин кабыл алмакчы.

Белгилей кетсек, президенттик бала бакчанын көрүнүшү төмөнкүдөй:

Салыштыруу иретинде. Ысык-Көл областынын Тон районунундагы Болот Мамбетов айыл аймагына таандык бал бакча дагы сатып алуу тууралуу жарыя берген. Бир гана сентябрь айына тамак-аш продуктыларын сатып алууга. Сатып алуунун суммасы 119.7 миң сом. Ушундан президенттик бала бакчанын бир видеопроектору айылдык бала бакчанын беш айлык тамак-ашына туура келээрин байкасак болот.

Тыянак: Президенттин жана өкмөттүн иш башкармасына караштуу бала бакча 570 миң сомго лазердик интерактивдүү видеопроекторду сатып алууну пландаштырууда.