(Кыргыз) “Салатанат” рестораны энергетика министринин уулуна таандык. Министрдин дагы кандай бизнеси бар?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

2021-жылдын 8-июнунда Энергетика жана өнөр жай министри болуп Доскул Бекмурзаев дайындалган. Factcheck.kg чиновниктин үй-бүлөсү эмне менен алектенерин иликтеп көрдү. 

Министрлик кызматка чейинки Бекмурзаев 

Доскул Бекмурзаев эмгек жолун Манас электр тармактарынын Покровский участкасынын бригадири болуп баштаган. Төрт жылдан соң «Ошэлектро» ААКнын директорунун орун басары болгон. 2006-2007-жылдары «Түндүк электр» ААКтын турмуш-тиричилик кызматынын коммерциялык директорунун орун басарынын төрагасы болгон. 2014-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары болуп дайындалган. 2020-жылдын сентябрь айында “Түндүкэлектр” ишканасын жетектеп калган. Ал эми 2020-жылкы октябрь окуяларынан кийин кызматынан кол жууган. Ишкананын кызматкерлери ишин таштап, Бишкектеги Улуттук энергохолдингдин имаратынын алдында жана Өкмөт үйүнүн жанында митинг өткөрүшүп, Доскул Бекмурзаевге кызматын кайтарып берүүнү талап кылышкан.

Мындан тышкары чиновник Аламүдүн районунун сотуна кайрылган. Өз кезегинде “Түндүк электр” соттун чечимине каршы апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылган. Жыйынтыгында сот “Түндүк электр” ААК пайдасына чечим чыгарган. Бирок, Бекмурзаев кызматсыз калган жок. Ал 2021-жылдын март айында
энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалып, эки айдан соң өзү министрлик креслого отурган. Бекмурзаевдин Instagram социалдык тармагындагы баракчасынан анын ишкерлик менен алектенери тууралуу маалым болду. Министрдин Суусамырда ашканасы бар экенин биле алдык, бирок бул тууралуу маалымат Юстиция министрлигинин базасында табылган жок.

Ишкер туугандар

Ачык булактар министрдин Дастан аттуу уулу бар экенин кабарлайт. Дастан Бекмурзаев Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүтүргөн. Ал «Кыргызстандын улуттук электр тармагына» караган Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактар ​​ишканасында (ЧуПВЭС) иштеген. Андан соң «Салтанат» ресторанында эмгектенген.

27 жаштагы министрдин уулу бүгүнкү күндө эки компанияга ээлик кыларын osoo.kg маалымдайт.

“ДАЭС” ЖЧКсы же “Салтанат” рестораны Бишкекте Бегматов көч 67/1 дареги боюнча жайгашкан. Бекмурзаев социалдык тармактарда ресторандын курулуп аткандыгы  тууралуу бир нече ирет сүрөт жүктөгөн.

Белгилей кетсек, ресторанда курулуш иштери жүрүп жатканда Дастандын атасы Доскул Бекмурзаев “Ошэлектро” мамлекеттик электр бөлүштүрүүчү компаниясын жетектеп турган.

Дастан Бекмурзаевдин экинчи компаниясы – “Фрейм Стиил” ЖЧКсы, Ала-Тоо жаңы конушундагы Заман көчөсү, 7 дареги боюнча катталган. Аталган компания курулуш жана монтаждоо иштери менен алектенет.

Министр Доскул Бекмурзаевдин мурдагы жубайы Умида Раимжанова дагы бизнес менен алектенет. Ал дагы  “ДоРа” ЖЧКсына ээлик кылат жана Дастан Бекмурзаевдин наамына катталган “ДАЭС”компаниясында директор.

Министрдин кирешеси

Доскул Бекмурзаевдин 2015-жылга карата тапшырган декларациясына ылайык,  Доскул Бекмурзаев Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары кызматын аркалап турганда 7.2 млн сом киреше тапкан, ал эми  чыгашасы 2.8 млн сомду түзгөн.

Мындан тышкары, чиновник декларациясында 230 чарчы метр үй, 0.3 га жер тилкесин жана Mercedes-Benz GL500 үлгүсүндөгү унаасын көрсөткөн.

Ал эми анын жакын туугандары болгону 12 миң сом киреше тапкан.

Жыйынтык: энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин мурдагы жубайы дагы, уулу дагы, өзү дагы ишкерлик менен алектенет.