(Кыргыз) Россия терроризм менен күрөшүүдө “Талибан”* кыймылын колдорун билдирди

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда Россия терроризм менен күрөшүүдө “Талибан”* кыймылын колдорун билдиргени тууралуу маалымат пайда болду. Жаңылыкта РБК агенттигине шилтеме берилет

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

21-22-сентябрда Россиянын президентинин атайын өкүлү Замир Кабуловдун “Талибан”* бийлигинин чакыруусу менен Кабулга барганы Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалат. Кабуловду премьер-министрдин милдетин аткаруучу М.Хасан, тышкы иштер министри А.Муттаки, финансы министри Х.Бадри жана башка расмий адамдар кабыл алышкан. 

Мындан тышкары, жолугушууда Кытайдын тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Юэ Сяоюн жана Пакистандын премьер-министри М.Саддик болгону айтылат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Ооганстанда тынчтыктын жана бакубатчылыктын, стабилдүүлүктүн жана аймактын өнүгүүсү үчүн конструктивдүү байланыштарды сактоо макулдашылган. Мындан тышкары, талибдердин терроризмге жана баңги аткезчилигине каршы күрөшүндө колдоо көрсөтүлөрү айтылган.

Эске салсак, “Талибан”* кыймылы Россияда тыюу салынган террористтик уюм катары таанылган.

Жыйынтык: чындык. Россия Федерациясынын атайын өкүлү “Талибан”* террористтик кыймылына терроризмге каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтөрүн билдирген.

“Талибан”* кыймылы Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм катары таанылган.