(Кыргыз) Фарид Ниязов өлкөдөн качып кеттиби?

(Кыргыз) Социалдык түйүндөрдө Фарид Ниязовдун “Манас” аэропортунда каттоодо кезекте тургандыгы тууралуу видео жайылтылып жатат. Factcheck.kg бул видеону текшерүүгө алды.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык түйүндөрдө Фарид Ниязовдун “Манас” аэропортунда каттоодо кезекте тургандыгы тууралуу видео жайылтылып жатат. Factcheck.kg  бул видеону текшерүүгө алды. Видеонун автору белгилегендей, Фарид Ниязов Бишкек- Москва каттамы менен учуп кетти.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул маселе боюнча  vesti.kg ресурсуна интервью берген.

– Фарид Ниязов азыр Бишкекте. Аэропортко байкесине куран окутканы келген ккарындашын узатып барган, – деп билдирди ал.

Биз КСДПга кайрылып бул маалыматты – президенттик аппараттын мурунку башчысынын Кыргызстанда болгондугун документалдык түрдө тастыктап берүүнү өтүндүк.

Бул фотосүрөттү Кундуз Жолдубаева жөнөттү

Биз бул сүрөттүн метамаалыматтарын текшерүүгө алып төмөнкү жыйынтыкка келдик:

1) Бул фотосүрөт Xiaomi Mi 5s үлгүсүндөгү телефонго бүгүнкү саат 13:52де тартылган;

2) GPS маалыматтары боюнча бул фотосүрөт Кыргызстандын аймагында тартылгандыгы анык болду;

Бүтүм: 

– Фарид Ниязов саат 13:52де Кыргызстанда болгон жана өлкөнүн аймагынан эч жакка чыгып кеткен жок.