Социалдык түйүндөрдө Фарид Ниязовдун “Манас” аэропортунда каттоодо кезекте тургандыгы тууралуу видео жайылтылып жатат. Factcheck.kg бул видеону текшерүүгө алды. Видеонун автору белгилегендей, Фарид Ниязов Бишкек- Москва каттамы менен учуп кетти.
КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул маселе боюнча vesti.kg ресурсуна интервью берген.
– Фарид Ниязов азыр Бишкекте. Аэропортко байкесине куран окутканы келген ккарындашын узатып барган, – деп билдирди ал.
Биз КСДПга кайрылып бул маалыматты – президенттик аппараттын мурунку башчысынын Кыргызстанда болгондугун документалдык түрдө тастыктап берүүнү өтүндүк.
Биз бул сүрөттүн метамаалыматтарын текшерүүгө алып төмөнкү жыйынтыкка келдик:
1) Бул фотосүрөт Xiaomi Mi 5s үлгүсүндөгү телефонго бүгүнкү саат 13:52де тартылган;
2) GPS маалыматтары боюнча бул фотосүрөт Кыргызстандын аймагында тартылгандыгы анык болду;
Бүтүм:
– Фарид Ниязов саат 13:52де Кыргызстанда болгон жана өлкөнүн аймагынан эч жакка чыгып кеткен жок.