(Кыргыз) Тажикстандын ЖМКлары чек ара жаңжалын “аяр” чагылдырыштыбы? ТР ТИМинин өкүлүнүн калпы

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

ЖМКлардын күчүн жана таасирин билип, Тажикстандын жалпыга маалымдоо каражаттары кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды “этияттык менен” чагылдырышты. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда өткөн брифингде билдирди.

Factcheck.kg редакциясы айрым тажик ЖМКлары кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды чындыгында кандай чагылдырганын аныктады.

16-сентябрда Avesta.tj тажик ЖМКсы Тажикстан менен чек арада Кыргызстан уюштуруп жаткан “чагымчылдык” – бул кыргызстандыктарды Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы тирешүүдөн алаксатуу аракети болуп саналат деп жазган.

Бул маалыматтык агенттик Максуд Валиев деген эксперттин пикирин келтирет. Аны “тажик эксперти” деп тааныштыргандары менен, ал кайсы тармактагы эксперт экени айтылган эмес. Ошондой эле жаңылыкта эксперттин сүрөтү колдонулбаган.

Factcheck.kg ал ким экенин аныктаганга аракет кылган. Бирок ачык булактардан ушундай ысым менен бир дагы экспертти табууга мүмкүн болбоду.

Ошол эле күнү тажиктердин «Азия-Плюс» деген сайты Тажик УКМКнын чек арачыларынын маалыматтарына таянып, Кыргызстандын аскерлери калктуу конуштарга кол салып, Исфарада үйлөрдү өрттөдү деп билдирген.

Ошондой эле жаңылыкта ок атууну токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу сунуштарды четке кагып жатат деп Тажикстандын чек арачыларынын кыргыз тарапты күнөөлөгөнү берилген. Тажик чек арачыларынын Кыргызстан сүйлөшүүлөргө барбай жатат деген маалыматына таянып даярдалган материалдар AsiaPlus медиасында гана эмес, бир катар орус ЖМКларында да жарыяланган.

Factcheck.kg бул калп жана көз жазгыруу экенин аныктады. ТР УКМКнын чек ара аскерлеринин басма сөз кызматынын маалыматы чындыкка дал келбейт. 16-сентябрда гана тажик чек ара кызматы, тажик жана орус маалымат каражаттары жалган маалымат таратып жаткан учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда төрт жолу сүйлөшүүлөр болгон. Анын ар биринде Кыргызстан ок атышууну тез арада токтотууну талап кылган.

19-сентябрда Avesta маалымат агенттиги “Өлкөдө кезектеги саясий авантюра башталганда, Кыргызстандын бийликтери чагымчылдыкты башташат” деген аталыштагы жаңылыкты жарыялаган. Анда “Минбари халк” медиасынын башка редакторунун пикири келтирилген. Ал, эмне үчүн бийликке Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев келери менен кыргыз-тажик чек арасындагы жанжалдар көп боло баштады деген теманын айланасында сөз кылат.

Белгилей кете турган нерсе, маалыматтык агенттик ушундай жол менен көз жазгырганга аракет кылат. 2000-жылдан бери жергиликтүү калктардын ортосундагы чыр-чатактардын саны 100дөн ашат. Баарынан көп чыр-чатактар 2014-жылы катталып, чек арада 5 жаңжал болгон. 2016-2018-жылдар салыштырмалуу тынч жылдардан болду. Чыр-чатактар болсо дагы эки тарап курал жаракты колдонуудан карманып жатышты. Олуттуу жаңжалдар 2019-жылы башталды, ал жылы үч чыр-чатак катталган.

19-сентябрда «Азия-Плюс» тажик агенттиги жарыялаган макалада, Тажикстанды “баскынчы” жана “душман” катары көрсөтүү Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун жана УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин гана кызыкчылыгында деп айтылат. Макаланын автору Бахманёр Надиров.

Factcheck.kg редакциясы аныктагандай, “Азия-Плюс” сайтында жарыяланган макаласында тажик журналисти Бахманёр Надиров божомолдорду жана көз жазгырууларды колдонот. Ал эми макаланын басымдуу бөлүгүнүн учурдагы окуяларга жана макаланын аталышында белгилеген темага эч кандай тиешеси жок.

“Таджикистан 24” маалымат агенттиги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак тууралуу жаңылыктын алдында “Кыргызстандын аскердык баскынчылыгы” деген билдирүү кылат. Муну менен аталган ЖМК кастык тилди колдонот.

Тыянак: Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басыры Содик Имомдун билдирүүсү чындыкка жатпайт. Avesta.tj жана «Азия-Плюс» деген тажик ЖМКлары өз материалдарында көз жазгырууга, божомолдорго жана жалган маалыматтарга орун беришкен. Таджикистан 24” МА кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты чагылдырууда кастык тилди колдонот.