Кыргызстан тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдөн качып жаттыбы? Калп

Тажик УКМКнын маалыматтары боюнчаКыргызстандын аскерлери калктуу конуштарга колсалып, Исфарадагы турак жайларга өрт койду дегенжаңылык Asia-Plus тажик маалымат булагынынсайтында жарыяланды.

Мындан сырткары материалда ок атышууну токтотуужана тынчтыкка келүүгө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүтууралуу сунуштарды четке кагышты деп Тажик чекарачылары кыргыз тарапты күнөөлөгөнү айтылат.Тажик чек арачыларынын Кыргызстан сүйлөшүүлөргөбарбай жатат деген маалыматына таянып даярдалганматериалдар AsiaPlus медиасында гана эмес, бир катарорус ЖМКларында да жарыяланган.

Буга далил катары күйүп кеткен үйдүн сүрөтүколдонулган. Ага түшүндүрмөдө бул 2021-жылдагыжаңжал учурунда Исфара шаарынын Чоркухжамаатында талкаланган үй деп жазылган.

Factcheck.kg редакциясы айтылгандардын калп-чынынаныктады.

Фотосүрөт менен көз жазгыруу

Биринчи кезекте, талкаланган үй тартылган архивдик сүрөтколдонулганын белгилейбиз. Мындай кырдаалда ушугаокшош сүрөттөрду колдонуу көз жазгыруу аракети болупэсептелет, анткени ал адамда агрессивдүү реакцияныжаратат жана андан кийинки маалыматтын белгилүү бирнукта кабыл алынышын шарттайт.

Эскерте кетсек, биз мурдараак 2021-жылдагы жаңжалучурунда Хистеварзда талкаланган үйлөр тууралуу тажикЖМКларынын материалдары чындыкка жатпай турганынкөрсөтүп бергенбиз. Factcheck.kg редакциясы аныктагандай,тажиктики деп берилген талкаланган үйлөрдүн бардыгыкыргыз аймагындагы үйлөр болуп чыккан. Жыйынтыгында,“Sputnik-Тажикстан” «Хистеварз – эң катуу жабыр тартканшаар» деген аталышты «Хистеварз – эң аз жабыр тартканшаар» деп өзгөртүүгө аргасыз болгон. Ага карабастан, булматериалдар ошондо коомдук тармактардагыколдонуучулардын арасында нааразычылыктын, жеккөрүүнүн чоң толкунун жараткан болчу.

Тажик айылдарын аткылоо

Кыргызстандын аскер күчтөрү баардык курал-жарактардыколдонуу менен Тажикстандын чек арага жакын жайгашканайылдарын аткылоодо деген Тажик УКМКнын Чек аракызматынын басма сөз кызматынын кийинки билдирүүсүнКР УКМКнын Чек ара кызматынин билдирүүлөрү кайсыбир деңгээлде тастыктайт.

Кыргыз чек арачыларынын маалыматтары боюнча,Тажикстандын аскерлери чек арага жакын жайгашканкалктуу конуштардан ок чыгарышууда, ушуга жараша аларжайгашкан жерлерге жооп сокку берилген. Жайкы элди“тирүү” калкан катары колдонгон тажик тараптагы калкарасында жоготуулар бар.

Тажик айылдарынын аткыланышын айтуу менен тажикмаалымат агенттиги жарым-жартылай чындык деген көзжазгыруу ыкмасын колдонууда. Кыргыз аскерлеритажиктердин калктуу конуштарын аткалыганы тууралууайтып, Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Орто-Боз Кулунду,Максат, Жаңы-Жер сыктуу кыргыз жерлерининаткыланышы тууралуу бир да сөз айтышкан эмес. Тажикаскерлери жапырт ок чыгаруучу реактивдүү системаларменен Баткен шаарынын аэропорт аймагын жана четжакасын да аткылашкан.

Кыргыз айылдарын аткылагандан сырткары, тажикаскерлери Ак-Сай айылындагы мектепти басып алышкан.

Чындыгында, ким сүйлөшүүлөрдөн качып жатат?

Тажик УКМКнын Чек ара кызматынын басма-сөзборборунун маалыматы боюнча, тажик тарап 16-сентябрдаэки жолу 06:30да жана 07:30 бир тараптуу ок атуунутоктотуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу сунуштардыайтышкан, бирок кыргыз аскерлери бул сунушту четкекагып, ок атууну токтоткон эмес.

Бул маалымат канчалык деңээлде чындыкка дал келет?

14-сентябрда саат 16:20да Баткен районунун Радараймагында Кыргызстандын Баткен облусунун жанаТажикстандын Согди облусунун жетекчилери баштаганКыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынынжолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга эки тараптын чекара кызматынын өкүлдөрү, эки республиканын күчтүзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүнүнжана райондук администрациялардын жетекчилерикатышты.

Бирок 16-сентябрда, өз ара макулдашууларды бузуп, саат06:00дө тажик аскерлери КР чек арачыларынын чакантопторун жана Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Орто-Бозаймактарында жайгашкан жерлерин баардык курал жарактыколдонуп кайрадан аткылай баштаган. Саат 06:30да тажиктарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» заставасынатийштүү жерди миномет менен аткылаган.

16-сентябрда ок атышууну жана жаңжалдын андан арыөрчүп кетишин токтотуу максатында КР УКМКнын Чек аракызматынын жетекчиси генерал-майор Уларбек Шаршеевжана ТР УКМКнын чек ара аскерлеринин башчысыРаджабали Рахманали телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүжүргүзүшкөн.

Сүйлөшүүлөр учурунда чек арачылардын башчыларыжолугушуу өткөрүш үчүн саат 10:00дөн тартып окатышууну токтотуу тууралуу келишимге келишкен. Бироктажик тарап кыргыз позицияларын аткылоону токтотконэмес. 08:30дан тарта КР УКМКнын Чек ара кызматы окатууну токтотуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылыпкелген. Бирок 8:30да да, 10:00дө да тажик тарап келишимдиаткарбады.

16-сентябрда ЖККУнун генералдык катчысы СтаниславЗась жана Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздуккеңештеринин катчылары Марат Иманкулов мененНасрулоо Махмудзода телефон аркылуу сүйлөшүү учурундакыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууну тез арадатоктотуу керектигин белгилешкен. Бул тууралуу уюмдункатчылыгынын басма сөз кызматы билдирген.

16-сентябрда КР УКМКнын Чек ара кызматы Кыргызстанменен Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилериКамчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дөнтарта ок атышууну токтотуу тууралуу келишимгекелишкени тууралуу расмий билдирүү тараткан.

16-сентябрда Самаркандда өтүп жаткан Шанхайкызматташуу уюмунун саммитин колдонуп КР ПрезидентиСадыр Жапаров ТР Президенти Эмомали Рахмон мененжолугушкан. Эки тарап чек арадагы кырдаалды талкуулашкан. Эки өлкөнүн лидерлери тийиштүүтүзүмдөргө ок атышууну токтотуу жана ок атышуулиниясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруубоюнча тапшырма берүүнү макулдашты. Министрлеркабинетинин төрагасынын орун басары — КР УКМКтөрагасы Камчыбек Ташиев жана ТР мамлекеттиккоопсуздук министри Саймумин Ятимов жеринде иштеп,окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүнкомиссия түзүлөт.

«Азия-Плюс» басылмасынын скриншотунда Кыргызстандын сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүсү келбей жаткандыгы тууралуу билдирүүсү менен сүйлөшүүлөр болду деген кабарынын ортосунда дал келбестикти байкаса болот.

Тыянак: калп жана көз жазгыруу. ТР УКМКнын чек ара аскерлеринин басма сөз кызматынын маалыматы чындыкка дал келбейт. 16-сентябрда гана тажик чек ара кызматы, тажик жана орус маалымат каражаттары жалган маалымат таратып жаткан учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда төрт жолу сүйлөшүүлөр болгон. Анын ар биринде Кыргызстан ок атышууну тез арада токтотууну талап кылган.