(Кыргыз) “Урал” мотоциклинин өндүрүшү Казакстанга көчүрүлөбү? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Ural Motorcycles компаниясы совет мезгилинде эле атагы чыккан «Урал» мотоциклинин өндүрүшүн санкцияларга байланыштуу Свердлов областынан Казакстанга көчүрөт экен деген маалымат таркай баштады. Компаниянын гендиректору Илья Хаит, Ирбитте мотоциклдин рамасы менен корпусунун айрым гана бөлүктөрү чыгарыла тургандыгын, калгандары чет мамлекеттен алып келинери тууралуу айткан имиш. Мотоциклдин сатылышы да негизинен чет өлкөлүктөргө багытталган. Учурда бул тууралуу сүйлөшүүлөр Петропавловскиде жайгашкан «Казтехмаш» машинажасоочу завод менен жүрүп жатат деп айтылат.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерди.

Чынында эле, 22-апрелде Ural Motorcycles компаниясынын директору Илья Хаит журналист Дэвид Джорджго берген интервьюсунда Ирбиттеги өндүрүш 7-мартта токтогонун айткан. Ал чет элдик комплектөөчү материалдарды алып келүүдөгү жана даяр техниканы экспорттоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу болгон. Ушундан улам «Урал» мотоциклдерин куроо өндүрүшүн казакстандагы Петропавловскиге көчүрүү чечими чыгарылган.

Бирок бир нече күндөн кийин ишкананын аткаруучу директору Владимир Курмачевге таянуу менен Ирбиттин администрациясы өндүрүштү толугу менен Казакстанга көчүрүү тууралуу маалыматты төгүндөгөн. Анын айтымында, Ирбиттеги завод мотоциклдерди чыгара бермекчи.

Казакстанда экинчи, кошумча гана линия иштемекчи, анда Орусиядан түз экспорттоо мүмкүн болбогон өлкөлөр үчүн мотоциклдер чогултулуп турат. Аны менен катар завод өндүргөн продукциянын 80%дан ашыгы экспортко кетери айтылган.

Ирбиттин мэриясы уралдагы өндүрүштө иштегендердин штатын сактап калуу пландары бар экенин тастыктады. Учурда Ирбитте 120 киши иштейт, алардын 5сү гана кыскартууга кетет. Калган жамаатты «сактап калуу максаты турат».

Тыянак: жарым-жартылай чындык. «Урал» мотоциклин өндүрүү боюнча заводду Ирбитте жабуу планда жок. Казакстанда кошумча өндүрүш ачылып, анда Орусияга каршы санкциялар кабыл алган өлкөлөргө экспорттоло турган мотоциклдер чогултулмакчы. Бирок өндүрүлгөн «уралдардын» дээрлик 80% экспортко кете тургандыгын эске алсак, иш жүзүндө, негизги өндүруш Петрапавловскиде боло тургандыгы байкалат.