(Кыргыз) Орусия глобалдуу улутташтыруунун алдында турабы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Орусияда “Держава” деген операция жүргүзүлө тургандыгы тууралуу “тез кабар” коомдук тармактарда таркатылып жатат. Операциянын максаты – “Орусияны деолигархизация кылуу”, менчиктерди улутташтыруу. “Үлүшү бар чет элдиктерге аларды туруктуу баа менен сатып алуу сунушталат, ал эми ата мекендиктердин капиталынын адалдыгы текшерилмекчи, жана да айрым үлүштөрү тартып алынмакчы” имиш. Улутташтыруу деп экономиканын стратегиялык тармагын толук же жарым-жартылай көзөмөлгө алуу жана сырткы сооданы, экспортту жана импортту дээрлик толук көзөмөлгө алуу деп түшүндүрүлөт.

Билдирүү боюнча, энергетикалык тармак, мунай жана газөндүрүүчү ишканалар, өнөр жай заводдору жана фабрикалар, стратегиялык жана тактикалык маанидеги ири инфраструктуралык объектилер улутташтырылмакчы.

Factcheck.kg сайтынын редакция, айтылгандын чыдыкка жакындыгын текшерди.

Орусияла улутташтыруу жүргүзүлөбү?

8-апрелде Мамдумада каттоого алынган мыйзам долбоорунда, “бейдос өлкөлөрдүн” компанияларынын, жеке жарандарынын Орусиянын аймагындагы активдерин баасын төлөбөстөн улутташтыруу каралган.

Крым Республикасынын Мамкеңеши сунуштаган документ боюнча талкуу эми гана башталды, бирок “Бирдиктүү Орусиянын” («Единая Россия») жетекчилиги аны колдой тургандыгын азыр эле билдире баштады. Тизмекке 59 компания киргизилгени белгилүү, бирок чет элдик бизнестин жаңы билдирүүлөрүнө жараша бул тизмек дагы толукталышы мүмкүн. Документке киргизилгендердин катарында: Volkswagen, Apple, IKEA, Microsoft, IBM, Shell, McDonald’s, Porsche, Toyota, H&M ж.б. бар.

Орусяга бейдос өлкөлөрдүн катарына 21 мамлекет жана бүт Еврошериктештиги киргизилген.

Ушуга окшош мыйзам Украинада барбы?

Украинанын Жогорку Радасы 2-апрелде РФ менен Украинын ортосундагы согушту танган орусиялыктардын жана Орусия менен тыгыз байланыштагы башка мамлекеттердин жарандарынын өлкөдөгү мүлкүн улутташтыруу жөнүндө мыйзамды кабыл алган.

Нормативдик акты Украинада ачылып иштеген, бирок бенефициары (пайда көрүүчүсү) болуп Орусия эсептелген, жана да түз же кыйыр түрүндө анын капиталында Орусиянын үлүшү бар компанияларга да карата колдонулат. Бул тууралуу украин парламентинин сайтында илинген документте айтылат.

Белгилей кетсек, Орусияны колдогондордун тизмегинде 28 өлкө бар, алардын катарында Кытай, Пакистан, Сирия, Эфиопия, Эритрея.

Тыянак: жарым-жартылай чындык. “Мүлктү мажбурлап алып коюу боюнча айрым укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам чет элдик компанияларга карата гана колдонулат, бирок алардын мүлкүн “туруктуу баада” сатып алуу мыйзам долбоорунда каралган эмес.