(Кыргыз) Россияда эшик көзчөлөрүнө тыюу салынабы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Мамлекеттик Думага эшик көзчөлөрүнө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору киргизилгендиги тууралуу маалымат Twitter социалдык тармагында пайда болду. Анда полициянын ишин жеңилдетүү максатында демилгени “Единая Россия” партиясынын депутаттары көтөрүп чыккандыгы айтылат. Бирок көзчөнү орнотууга макулдук алган жарандар полиция үчүн батирдин сыртынан кароого мүмкүнчүлүк берген экинчи көзчөнү орнотууга милдеттендирери айтылат.

 Factcheck.kg окурмандын өтүнүчү менен бул маалыматты текшерип көрдү.

Белгилей кетсек, жаңылык сатира жазуу менен алектенген  “Панорама” сайтынын макалаларына түспөлдөш.

Google аркылуу издегенибизде макаланы жарыялаган “Наблюдатель” аттуу аккаунттан башка маалымат табылган жок.

Маалыматта анын алгачкы булагы берилбегенин баса белгилейбиз. Ал эми комментарийлерде автор жаңылыктан далилин талап кылбаган бир эле колдонуучу бар экенин жазган.

Автор Twitter-баракчасында өзүн чакан провокациялардын жактоочусу деп сүрөттөгөн.

Анын башка постторунда тамаша жана фейк маалымат байма-бай жазылып келген. Мисалы, Путин тууралуу тасма тартылып, анда башкы ролду Шварценеггер ойногону же Россия Федерациясынын аймагында “Ыйык Гравитация чиркөөсү” тыюу салынганы айтылат

 

 

Жыйынтык: жалган. Жаңылыкты тамаша жана фейк маалыматтарды тараткан Twitter колдонуучусу жазган. Анын билдирүүлөрү “Панорама” сатиралык сайтындагы макалаларга түспөлдөш.