(Кыргыз) Санкт-Петербургда доллардын баасы 300 рублга жеттиби? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда 18-апрелден тарта Орусияда доллардын рублга карата курсу төмөндөп кеткендиги боюнча маалымат тарады. Ага далил катары рублди сатуу 300, ал эми сатып алуу 79 рублди көрсөткөн сүрөт жарыяланды. 

Колдонуучулардын бири “доллар арзандады жана анын эч кимге кереги жок, доллардын бир нече секунд гана убактысы калды, ал жөн гана кагаз … Америка жакында жок болот”,- деген комментарий калтырган.

 

Faсtcheck.kg маалыматтын чын-бышыгын текшерип көрдү. 

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, 2022-жылдын 19-апрелине карата Санкт-Петербургда долларды сатып алуу 83 рубль, сатуу 83,5 рубль, Борбордук банкта расмий курс 79,4 рубль болгон. Коммерциялык банкттарда долларды сатып алуу 77ден 83 рублга чейин болгон.

Белгилей кетсек, бир ай ичинде доллардын расмий курсу рублга карата 23%га төмөндөгөн.

Россиянын банктарында доллар барбы?

18-апрелден тарта банктарга Россия банкы жарандарга накталай акча сатууга уруксат берген. Бул мүмкүнчүлүк 2022-жылдын 18-апрелинен тарта 9-сентябрына чейин берилген. Бирок, жөнгө салуучу органдардын айтуусунда, банктар 9-апрелден тарта кассада болгон гана валютаны сата алышат

Мындан тышкары, 11-апрелден тарта Борбордук банк доллар жана еврону накталай алууга уруксат берген, бирок бул 2022-жылдын 9-мартына чейин чет элдик валютада ачылган эсептери же депозиттери бар жарандарга жана каражатуу алуу үчүн белгиленген чекти тандай элек жарандарга тиешелүү болгон

Бирок, Россиялык басылмалардын маалыматына ылайык, бир катар банктар Борбордук банктын уруксатына карабастан, долларды сатуудан баш тартышууда. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-апрелден тарта эл аралык акча которуу системасы акча каражат жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валютада гана жүргүзүлүшү керектиги айтылган. 

Эгерде Россиядан акча которуу жүргүзүлсө, алуучуга сом же орус рубли менен, эгер Казакстандан которулса, сом же казак теңгеси менен, же башка өлкөдөн болсо коммерциялык банктардагы бир гана сомдун курсу боюнча берилиши керек. Эгерде которуу валютасы Кыргызстандын аймагында кеңири колдонулбаса, банк Улуттук банктын эсептик курсун колдоно алат.

Жыйынтык: жалган. Орусияда 19-апрелде доллардын расмий курсу 79 рублди түзгөн. Коммерциялык банктарда долларды сатып алуу курсу 77ден 83 рублга чейин, сатуу 84төн 100 рублга чейин өзгөргөн.