(Кыргыз) Газды рублга сатып алуу үчүн Улуубритания “Газпромбанктан” санкцияларын алып салдыбы? – Текшеребиз

LONDON, ENGLAND - SEPTEMBER 9: Prime Minister Boris Johnson attends a virtual press conference at Downing Street on September 9, 2020 in London, England. As from Monday September 14, people in England will only be allowed to socialise in groups of six or less people following the announcement from the Prime Minister. This is to help curb the recent rise in Coronavirus cases. (Photo by Stefan Rousseau- WPA Pool/Getty Images)

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Facebook коомдук тармагындагы кыргызстандыктар “Газды рублга сатып алуу үчүн Улуубритания “Газпромбанктан” санкцияларын алып салды” деген видеону катуу талкуулап жатышат. Учурда ал ролик жарым миллион жолу көрүлдү.

Кыргызстандык колдонуучулар шилтеме менен бөлүшүп, Улуубритания газ үчүн рубль менен төлөөгө макул болдубу деген суроолорду берип жатышат. Видеодо айтылган маалыматты Factcheck.kg текшерип көрдү.

Видеодо эмне деп айтылат

Өзүн Орусиянан ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу сөз кылган автордук канал деп тааныштырган “Ход мыслей” деген YouTube канал 24-апрелде “Газды рублга сатып алуу үчүн Улуубритания “Газпромбанктан” санкцияларын алып салды” деген видеону өз барагына жайгаштырган.

 

 

Кадр артындагы үн Улуубритания “Газпромбанктан” санкцияларды алып салып, бул өлкөдө банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензиянын мөөнөтүн узартты дейт.

“Улуубританиянын каржылык операцияларды жүргүзүү боюнча башкармалыгы Газпромбанкка 31-майга чейин жаңы лицензия берди, сөзмө-сөз келтире турган болсок: “Европа шериктештигинин газга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо” үчүн. Жалпак орус тили менен айта турган болсок, британдиктар “Газпромдун” газды өчүрүп салышынан чочулап жатышат”.

Калган баардык банктык мекмелер санкциялардын алдында калышты, деп айтылат роликте. “Газпромбанкка” гана өзгөчө мамиле кылынды. Каналдын авторунун пикири боюнча, бул британ бийлиги орус президенти сунуштаган схема боюнча газ үчүн төлөм жүргүзүүгө макул болгондугун көрсөтөт. Ошол эле кезде 31-мартта премьер-министр Борис Джонсондун расмий өкүлү Улуубритания төлөмдөрду жүргүзүү тартибин өзгөртүүгө кескин түрдө каршы экенин жана газ үчүн эски схема боюнча гана төлөй тургандыгын билдирген болчу.

Москванын сунушу, Британиянын чечими

Чынында, 31-мартта кремлдин сайтында жарыяланган жарлыкта “Газпромбанк” “газ сатып алгысы келген “бейдос мамлекеттер” үчүн “К” түрүндөгү валюталык жана рублдук атайын эсептерди ачышы керек” деп жазылган.

Башкача айтканда европалык өнөктөргө төмөнкүдөй вариант сунушталган: алар газ үчүн “Газпромбанкка” евро же доллар менен төлөшөт, банк болсо аларды МосБиржа аркылуу рублга айлантат. Мына ошол рублдар гана сатып алуучунун эсебине жазылат.

Москванын ага чейинки бир катар эскертүүлөрү боюнча жарлык кабыл алынаарына бир күн калганда Британия орусиялык газ үчүн рубль менен төлөөгө макул эместигин ачык билдирген болчу. Бул тууралуу Бизнес, энергетика жана өнөр жайы боюнча британдык министр Кваси Квартенганын айтканына таянып, РБК жана бир катар ЖМКлар жазып чыккан.

Бирок да 22-мартта Улуубританынын өкмөтүнүн сайтында жайгаштырылган документте королдук Кремлдин газ үчүн төлөмдөр жүргүзүү шартына макул болгондугу байкалат.

Белгилей кетсек, орусиялык газдын Британиянын рыногундагы үлүшү 4%дан азыраак.

Видеодо ойлондурган нерселер

Биринчиден, автор билбестиктенби, же атайынбы британдык мекемени “Каржылык операцияларды жүргүзүү боюнча башкармалык” деп атайт. Чынында анын аталышы “Каржылык санкцияларды жүргүзүү боюнча башкармалык” же Office of Financial Sanctions Implementation (OFSI).

Экинчиден, Улуубритания чынында эле Москванын шарттарына макул болду, бирок газ үчүн эч ким түз эле рубль менен төлөбөйт. Каражат алгач сатып алуучунун валюталык эсебине түшөт, конвертациядан кийин гана анын рублдук эсебине түшөт.

Тыянак: жарым жартылай чындык жана манипуляция. Улуубритания чынында эле газ үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча Орусиянын шарттарына макул болду. Бирок түз эле рубль менен төлөбөйт. Төлөм санкция алынып салынган “Газпромбанк” жана Улубританиядан түшкөн валюта рублга алмаштырыла турган МосБиржа аркылуу жүргүзүлөт.