(Кыргыз) Сууга чөккөн “Москва” аскердик кемеси тартылган видеону текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Facebook социалдык тармагында колдонуучулар сууга чөккөн “Москва” аскердик кемеси тартылды делген видео менен бөлүшүп, талкууга алышкан. Тасманын автору Саша Марк видеодо “Москва” аскердик кемеси тартылганын так кесе айткан эмес. Бирок, ага карабай, видео социалдык тармакта популярдуу болуп, аны 1.5 млн колдонуучу көргөнгө, 6 миң колдонуучу “жактыруу” баскычын басканга жетишкен. Ал эми комментарий калтыргандардын көбү тасмада чынында эле “Москва” кемеси тартылганынан шек санаган эмес.

 

Factcheck.kg бул видеонун качан жана кандай жагдайда тартылганын тешкерип көрдү. Роликтен алынган скриншоттор аркылуу издөө салганыбызда, анын алгачкы булагы табылды. Көрсө, ал америкалык  USS Buchanan (DDG-14) («Бьюкенен») аталыштагы кыйратуучу чөгүп аткан учурда тартылган экен. Аталган кеме тууралуу жазган uss-buchanan-ddg14.org сайтынын маалыматына ылайык, кыйратуучу 1961-1992-жылдары АКШнын деңиз күчтөрүнүн карамагында болгон.

2000-жылдын 13-июнунда ал Гавайидеги Кауаи аралынын түндүк-батышындагы Тынч океан ракеталык полигонунда бутага алынган кеме катары эл аралык RIMPAC 2000 (Rim of the Pacific) окууларына катышкан. Америкалык, канадалык жана австралиялык аскерлер аны 24 сааттан ашуун убакыт бою чөктүрүүгө аракет кылышкан.

Кеме Hellfire ракеталарынан, Харпун ракеталарынан ар биринен үч жолу сокку алган жана салмагы 2,400 фунтту түзгөн GBU-24 авиация бомбасынан катуу сокку алган. Бирок мындай  кийин дагы Buchanan түнү бою чөккөн эмес. 

14-июнда эртең менен АКШнын деңиз күчтөрү кемеге чыгып, анын артына 200 фунт С-4 пластик жардыргычын коюшкан. Арадан он алты мүнөт үч секунд өткөндөн кийин Buchanan кемеси чөгүп кеткен.

Төмөндө «Москва» жана Buchanan кемелеринин айырмачылыктарын даана көрүүгө болот. 

Жыйынтык: жалган. Социалдык тармактарда тараган видеодо “Москва” кемеси эмес, америкалык Buchanan кемеси тартылган.