(Кыргыз) “Искендер” ракета комплекстери Худжанд аэропортуна түшүрүлдү деген маалымат жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

2-майда “Садои Куҳистон” Youtube-каналында “Искендер” ракета комплекстери тартылаган тасма жарыяланды. Комплекс Худжанд шаарынын аэропортунда түшүрүлдү деп айтылат. 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Видеонун скриншоту аркылуу издөө салып, ал 2017-жылы тартылганын аныктайбыз.

 

“Садои Куҳистон” каналындагы тасмадан алынган кадр,  2021-жыл, 2-май

Россиялык ЖМКлардын жана “Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Антитеррордук борборунун” маалыматына ылайык, 2017-жылы Тажикстанда КМШ өлкөлөрүнүн антитеррордук окуулары болуп өткөн.  Ал үчүн Оренбург облусундагы Тоц ракеталык бригадаларынан россиялык оперативдүү-тактикалык “Искендер-М” ракета комплекстери Россиянын  Ан-124-100 “Руслан” самолеттору аркылуу жүктөлүп келинген.

ТАСС маалымат агенттигинин тасмасынан үзүндү.  2017-жыл, 25-май. 

Жыйынтык: фейк. “Искендер” ракета комплекстери Худжанд аэропортуна түшүрүлдү деген маалымат жалган