“Искендер” ракета комплекстери Худжанд аэропортуна түшүрүлдү деген маалымат жалган

2-майда “Садои Куҳистон” Youtube-каналында “Искендер” ракета комплекстери тартылаган тасма жарыяланды. Комплекс Худжанд шаарынын аэропортунда түшүрүлдү деп айтылат.
Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.
Видеонун скриншоту аркылуу издөө салып, ал 2017-жылы тартылганын аныктайбыз.

Россиялык ЖМКлардын жана “Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Антитеррордук борборунун” маалыматына ылайык, 2017-жылы Тажикстанда КМШ өлкөлөрүнүн антитеррордук окуулары болуп өткөн. Ал үчүн Оренбург облусундагы Тоц ракеталык бригадаларынан россиялык оперативдүү-тактикалык “Искендер-М” ракета комплекстери Россиянын Ан-124-100 “Руслан” самолеттору аркылуу жүктөлүп келинген.

Жыйынтык: фейк. “Искендер” ракета комплекстери Худжанд аэропортуна түшүрүлдү деген маалымат жалган