(Кыргыз) “Украинада “Байрактар” Орусиянын танктарын талкалап жатат” делген видео 2020-жылы тараган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

24-февралда “Инсайдер Украина Новости Война” Telegram-каналында Түркияда өндүрүлгөн “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттары Харьков облусу менен чектеш аймакта Орусиянын танктарын талкалап жатат” делген видео жарыяланды. Видеого тиркелген билдирүүдө маалымат булагы катары Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Алексей Гончаренкого шилтеме берилген.

Фактчекинг: “Украинада “Байрактар” Орусиянын танктарын талкалап жатат” делген видео интернет желесине 2020-жылы тараган

Мындан тышкары аталган видео Украинанын УНІАН маалымат агенттигинин YouTube каналына “Украиналык «Байрактар» орус буталарын көздөй иштеди” деген аталыш менен 24-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:31де  жарыяланган.

Фактчекинг: “Украинада “Байрактар” Орусиянын танктарын талкалап жатат” делген видео интернет желесине 2020-жылы тараган

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары бул видеолор Сирияда тартылганын, Украина-Орусия согушуна тиешеси жок экенин жазып чыгышты.

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Жогоруда көрсөтүлгөн видео 2020-жылы 4-мартта Egazet YouTube каналына жарыяланган. Видеого тиркелген билдирүүдө “Маарат Эль Нуман шаарына (Сирия — ред.) жакын жерде Түркиянын учкучсуз учактары Сирия режиминин танктарынан, бронетранспортерлорунан жана Орусиянын “Панцирь” зениттик ракета жана курал системасынан турган колоннаны активдүү радарлары менен, иштеп турган жеринен жок кылды”, — деп жазылган.

Видеого социалдык тармактарда дүйнөдөгү жаңжал жаңылыктарын жарыялап турган Clash Report баракчасынын логотиби түшүрүлгөн. Украин маалымат каражаттары аркылуу тараган видеодон айырмасы — видеонун артында музыка коштолгон жана негизги мазмуну 24 секундага көбүрөөк.

Фактчекинг: “Украинада “Байрактар” Орусиянын танктарын талкалап жатат” делген видео интернет желесине 2020-жылы тараган

Мындан тышкары Давид Наскидашвили аттуу колдонуучу 2020-жылдын 5-мартында ошол эле видеону музыкасыз “ВКонтакте” социалдык тармагындагы “Война Украина” деген тайпага бөлүшкөн.

Фактчекинг: “Украинада “Байрактар” Орусиянын танктарын талкалап жатат” делген видео интернет желесине 2020-жылы тараган

Жыйынтык: “Украинада “Байрактар” Орусиянын танктарын талкалап жатат” делген видео интернет желесине 2020-жылы мартта тараган. 

Видеонун тартылган жерин аныктоого мүмкүн болгон жок. 

Белгилей кетсек, 2021-жылдын декабрында Bloomberg басылмасы Украина 2019-жылдан бери түркиялык “Байкар Макина” компаниясынан ондогон учкучсуз учуучу аппарат сатып алганын, дагы кеминде 20 дрон буюртма бергенин жазган.

Кечээ, 24-февралдын кечинде Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрү Түркиянын “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттарын колдоно баштаганын билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте кайрылуу жасап, Донбасста «атайын аскердик операция уюштуруу» деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, дүйнө лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Булак: pk.kg