Болочок соттор кимдер? 1-бөлүм

Миңдеген адамдардын тагдырын чечкен болочок соттор тууралуу макаланын 1-бөлүмүндө экс-башкы прокурордун кызы, азыркы жана мурда сот болуп иштегендердин балдары тууралуу сөз кылмакчыбыз. Анда эмесе, Сот адилеттигинин жогорку мектебине тандалып алынган тизмедеги сап башында турган 50 студент.

Миңдеген адамдардын тагдырын чечкен болочок соттор тууралуу макаланын 1-бөлүмүндө экс-башкы прокурордун кызы, азыркы жана мурда сот болуп иштегендердин балдары тууралуу сөз кылмакчыбыз. Анда эмесе, Сот адилеттигинин жогорку мектебине тандалып алынган тизмедеги сап башында турган 50 студент.

Кыскача бул тизме тууралуу айта кетели.

Эми сотторду тандоо кыйындады. Фемида кызматкеринин мантиясын кийүү үчүн экзамен тапшырып, Сот адилеттигинин жогорку мектебинен билим алуу керек. Андан кийин болочок соттордун тагдырын сотторду тандоо Кеңешинин мүчөлөрү чечет.

Бул биринчи этап. Сот болгусу келген улан-кыздар тест тапшырып жана оозеки маектешүүдөн өткөндөн кийин алардын рейтинги көрсөтүлөт. Жогорку көрсөткүчтөргө жеткен сап башында турган 50 адам адилеттик мектебине алынат.

Бул процесске байкоо жүргүзгөн серепчилер сынак адилетсиз өтүп жаткандыгын белгилешүүдө. “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Бишкек шаарында “Сот-укуктук реформанын актуалдуу меселелери” аттуу тегерек столдо төмөнкүлөргө токтолду:

“БИЗ КӨПЧҮЛҮК ОРУНДАР ЖОГОРКУ БИЙЛИКТИН ЧИНОВНИКТЕРИ, ТАКТАП АЙТКАНДА, ПРОКУРАТУРА, ПАРЛАМЕНТ, ПРЕЗИДЕНТТИН АППАРАТЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ Ж.Б. ТАРАБЫНАН АЛДЫН-АЛА БРОНДОЛООРУ ТУУРАЛУУ КЕПТЕРГЕ АНАЛИЗ ЖҮРГҮЗДҮК. БИЗДИН АНАЛИЗДИН ЖЫЙЫНТЫГЫНДА, ЧЫНДАП ЭЛЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АРАСЫНДА ТҮЗ ЖАНА КЫЙЫР ТҮРДӨ ЧИНОВНИКТЕРДИН ЖАКЫНДАРЫ БАР ЭКЕНДИГИНЕ ЫНАНДЫК” .

Factcheck.kg  сайты сынактын жыйынтыгында тандалып алынган алгачкы 50 талапкер тууралуу маалыматтарды текшерүүгө киришти. Бул макала чоң иликтөөнүн 1-бөлүмү. Мында фактчекерлер болочок соттордун азыркы жана мурдагы чиновниктердин(алардын кызмат орундары) туугандык байланыштарын аныктоого басым жасады.

1. Акыев Каныбек Арзыбекович. Жогорку сот адилеттигинин мектебине окууга өткөн 24-талапкер. 

Бул талапкер тууралуу ЖМК дагы жазып чыгышкан. Анын атасы – Акыев Арзыбек Акыевич  Жогорку Сотто сот болуп иштейт.

Жогорку Соттун сайтынан алынган скриншот

Ал эми Каныбек Акыев өзү Жогорку соттун төрайымынын кеңешчиси болуп иштейт. КР ЖС төрайымы Айнаш Токбаева  “Азаттык”  радиосуна туугандык байланышты тастыктаган.

Биз ЖМКларда жарыяланган маалыматтар боюнча КР Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев менен болгон байланышын да изилдедик. Каныбек Акыев чындыгында эле, Алмамбек Салиев менен ОШМУнун тарых-юридикалык факультетин аяктаган.

 Каныбек Акыевдин ОшМУда окуган жылдары

Алмамбет Салиев поступил на факультет на 2 года позже Каныбека Акыева

“ЭМИ КАНЫБЕК АКЫЕВ ДЕГЕН ЭРГУЛУБУЗ, ЖАКЫНДАН БЕРИ ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТТЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ОРУН БАСАРЫ АЛМАМБЕТ САЛИЕВГЕ ТАЯНЫП, ТӨРАЙЫМДЫ ДА КӨЗГӨ ИЛБЕЙ БАШТАДЫ ДЕГЕН СӨЗДӨР ЧЕТИНЕН АЙТЫЛА БАШТАДЫ. КӨРСӨ ЧЫНДАП ЭЛЕ АЛМАМБЕТ АБДИМИТАЛИПОВИЧ МЕНЕН КАНЫБЕК АРЗЫБЕКОВИЧ ОШГУДА БИРГЕ ОКУШКАН ЭКЕН”.  СHYNDYK.KG САЙТЫНДА ЖАРЫЯЛАНГАН МАКАЛАНЫН ТЕКСТИ.

Алмамбет Салиев – КР Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары 

КР сот адилеттигинин жогорку мектебинде окугандар менен КР Президентинин аппаратынын байланышы тууралуу кийинки макалаларда дагы кененирээк токтолобуз.

2. Шукуралиев Альгис Рыспекович. Жогорку сот адилеттигинин мектебине окууга өткөн 45-талапкер.

Фамилиясы жана атасынын аты боюнча негизи Рыспек Шукуралиев Шералиевич. Сот системасында Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы, Бишкек шаардык сотунун соту да болуп иштеп жүргөн жана сотторду тандоо Кеңешинин мүчөсү да болгон.

 К-ньюс сайтынан алынган сүрөт

Шайлоочулардын базасынан алынган маалыматтар боюнча Шукуралиев Рыспек Шералиевич жана Шукуралиев Альгис Рыспекович бир шайлоо участкасында добуш беришкен (№89 мектеп). Ошол эле тилкеде Шукуралиева Нарцисс Рыспековна дагы добуш берген. Мурдагы соттун биографиясында анын эки баласы бар экендиги жазылган. Кызы Нарцисс Шукуралиева – саясий илимдердин доктору, Куяв-помор жогорку мектебинин (Польша, Быдгощ) илимий кызматкери жана саясат таануу боюнча бир нече китептердин автору.

3. Шаршеева Алтынай Чубаковна. Жогорку сот адилеттигинин мектебине окууга өткөн 35-талапкер.

Facebook.com соцтармагында профилинен алынган сүрөт

Алтынай Шаршеева 1976-жылдын 4-ноябрында туулган.  Ал Бишкек шаардык прокуратурада иштейт. Алгач бул фамилиясы боюнча издеп, керектүү маалыматтарды таба албадык. Бирок, одноклассники соцтармагынан анын экинчи фамилиясы Абышкаева экендигин билдик.

Бул профиль Алтынай Шаршеевага таандык экенин туулган датасы тастыктап турат. 

Шаршеева (Абышкаева) Алтынай Чубаковнанын фамилиясы, аты жана атасынын аты менен КР мурунку башкы прокурору Абышкаев Чубак Сыдыковичке чыктык.  Чубак Абышкаев кийинчерээк Чүй облустук соттун жана КР Аскер сотунун төрагасы да болуп иштеген.

 Сentrasia.org сайтынан алынган сүрөт

Facebook.com соцтармагынан дагы башка кызыктуу маалыматтарды таап алдык. Марс Абышкаев Чубакович – КР Башкы прокуратурасынын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт жана бул соцтармак аркылуу эжеси Алтынай Шаршеева жана анын кызы(жээни) Линара Шаршеева менен байланышып турат.

Марс Абышкаевдин профилинде досторунун ичинде Шаршеевдердин үй-бүлөсү 

4. Жогорку соттун аппаратынын кызматкерлери.

Тизмеде Жогорку соттун аппаратынын бардык башкармалыктарынын башчылары да бар.

1) АКЫЕВ Каныбек Арзыбекович (№24). Ал тууралуу макалада жазганбыз. Ал Жогорку Соттун төрайымынын кеңешчиси болуп иштейт;

2) САТАРБЕК уулу Мирбек (№23) – Жогорку соттун жарандык иштер боюнча сот коллегиясынын ишин камсыздоо боюнча башкармалыктын башчысы;

3) УСАКПАЕВА Гульзат Каныбековна (№29) – Жогорку соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын ишин камсыздоо боюнча башкармалыктын башчысы;

4) ШЕРАЛИЕВ Саматбек Абдуллаевич (№45) – Пленумдун ишин камсыздоо жана сот статистикасынын анализи, мыйзам чыгаруу, сот практикасын жалпылоо боюнча башкармалыктын административдик жана экономикалык иштер жана сот практикасын жалпылоо боюнча сектор башчысы;

5. Сот органдарынын кызматкерлери.

1) ДУЙСЕМБИЕВ Асхат Абубакирович (№49) – Сот департаментинин аппаратынын КР сотторду тандоо Кеңешинин ишин камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысы;

2) АЛДАШОВА Назгул Тентимишовна (№4) – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун сот кызматкеринин жардамчысы.

6. Сот органдарынын мурунку кызматкерлери.

1) ДУБАНАЕВ Кубатбек Султанмуратович (№1) – КР ЖС Конституциялык палатасынын аппаратынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын мурунку башчысы.

Бул макалада сот системасы менен байланышы бар талапкерлер тууралуу чагылдырууга аракет жасадык. Иликтөө иштери уланууда жана бул тизме дагы толукталышы ыктымал.

Factcheck.kg сайты НЕКСТ ТВ телеканалынын өнөктөшү. Бул макаланын телеверсиясын Некст ТВ телеканалынан же nexttv.kg сайтынан көрүңүздөр.