Кытайда жасалма этти өндүрүү боюнча фейк

Фейктин бетин ачуу

Социалдык тармактарда Кытайда жасалма этти кантип өндүрүп жаткандыгы тууралуу видео таратылып жатат.  Бул маалымат Фейсбукта “достору” көп Тимур Саралаевдин баракчасында 166 лайк, 3076 бөлүшүү жана 68 миң көрүүнү чогулткан.  Автордун айтымында, ага бул видео whatsApp тиркемеси аркылуу келген.

Биздин команда иликтөө жүргүздүк. Интернетте издөө аспаптары аркылуу биз бул видеонун түп нускасын(оригинал) таптык.  Чындыгында, бул жерде технологиялык резина тесмесинин өндүрүшүнүн бир баскычы чагылдырылган. Көрүнүп тургандай, станок ингредиенттерди ысытып аралаштырып жатат. Процессти толугу менен төмөндөгү видеодо көрсөнүз болот  ( 6 мүнөттө түшүнүктүү).

Бүтүм: Социалдык тармактарда Кытайда жасалма эттин өндүрүлүшү тууралуу маалымат – бул фейк.

Биз фейктин бетин кантип ачтык, ушул тууралуу видеотасманы кененирээк расмий Youtube каналыбыздан көрө аласыз: