Адахан Мадумаров: “Түркия президенттик башкарууну 14 жыл талкуулаган”. – Так эмес
2005-жылы юстиция министри Джемил Чичек президенттик башкарууга өтүү боюнча демилге көтөргөн.
16-апрелде Түркияда Конституцияга 18 өзгөртүүнү киргизүү боюнча референдум өткөн. Ал өзгөртүүлөр 2018-жылкы президенттик шайлоодон кийин күчүнө кирген.
Жыйынтык: так эмес маалымат. Башкаруу формасын өзгөртүү демилгесинен тарта чечим кабыл алынганга чейинки аралык 13 жылды түзгөн.