“Аль Фаджр” уюму чын эле кайрымдуулук менен алекпи?

Буга чейин өзүн кайрымдуулук көрсөткөн уюм деп тааныштырып келген “Аль Фаджр” кийинки кезде коомдук-саясий иштерге аралашчу болду.

“Аль Фаджр” коомдук фонду 2018-жылдан тарта таанымал. Буга чейин ал кайрымдуулук көрсөтүп келген. Анын кызматкерлери муктаж болгондорду көмүр менен камсыз кылчу. Бирок, кийинки кездерде аталган уюм коомдук-саясий иштерге аралаша баштады. Каршылык акцияларына катышып, саясий талаптарды койгондугу менен белгилүү болду.

Бул уюм эмнеге биздин көңүлүбүздү бурду?

Мындан бир ай мурда “Уран чатагы социалдык тармактарда кантип күч алган?” аттуу макалабыз жарык көргөн.  Макалада “уран темасы” алгач WhatsApp тиркемесинде массалык түрдө жайылганы айтылган. Өлкөбүздүн атактуу инсандары, социалдык тармактардын активдүү колдонуучуларына, башкача айтканда пикири таасирдүү лидерлерге аудио жана видеофайлдар жөнөтүлүп, алар өз кезегинде башкалар менен бөлүшкөн. Атактуу теле алып баруучу Назира Айтбековага төмөндөгү видео жөнөтүлгөн.

Биз видеолордун алгачкы булагын таап чыктык. Роликтер 4-апрель күнү түндө “Аль Фаджр” уюмунун Facebook баракчасына  жүктөлгөн экен.

Ошол эле баракчадан бул уюмдун ишмердигин байкасак болот. Буга чейин ал ар түрдүү кайрымдуулук акцияларын жүргүзүп келген болсо, 2019-жылдын март айынан тарта Кызыл-Омпол кени тууралуу маалымат жайылта баштаган.

“Аль Фаджр” тууралуу эмне белгилүү?

Аталган уюм 2018-жылдын ноябрь айында каттоодон өткөн. Анын жетекчиси жана жалгыз негиздөөчүсү – Балыкчы шаарынын 34 жаштагы тургуну Чомоева Асия Каныбековна. Ал эми уюм өзү Чүйдө, Төмөнкү Ала-Арчада катталган.

https://www.facebook.com/profile.php?id=100025380436434

Эң кызыгы, соцтармактагы баракчасында аталган уюм  Бангладеште кудук орнотуу менен алек экенин белгилеген.

Фонд тууралуу маалымат  орус тилинде дээрлик табылган жок. Ал эми англис тилинде “Аль Фаджр” тууралуу Warfa  аттуу Кувейт инвестициялык фондунун маалыматы бар:  “финансылык ишмердүүлүктөн тышкары,  Wafra компаниясы Ислам  фондун “Аль-Фаджр” аркылуу шариятка ылайык башкарат”, – деп айтылат.

Интернетте уюмдун аталышына уйкаш эле башка да фонддор тууралуу маалымат табылган. “Маалымат согушунда америкалыктар атаандаштарына утулуп атканын батыштын адистери өкүнүү менен белгилейт. Америкалыктар 2005-жылы маалымат айдыңында катуу сокку калтырган. Бирок террористтер зыянды толугу менен калыбына келтирип, жаңы, борборлоштурулбаган маалымат таратуучу  “Аль-Фаджр” (al-Fajr Media Center) аттуу  тармакты түзүүгө жетишкен.  Учурда анын курамында  50 миңдей адам, анын ичинде миңдеген веб-мастер жана атайын окутулган интернет колдонуучулары бар. Алар YouTube, Википедия жана башка сайттарды колдонуу менен маалыматты ар тараптуу жайылтат”, – деп жазылган  The Daily Telegraph аттуу британиялык гезитте.

Facebook соцтармагында аталышы дал ушундай болгон дагы бир кайрымдуулук уюму катталган  Al-fajr Charity foundation. Андагы маалымат бир жылдан бери жаңылана элек. Андыктан, учурда анын ишмердүүлүгү токтогонбу же жокпу, тактай алган жокпуз.

Кыргызстандык ЖМКлардын ичинен “Аль Фаджр” тууралуу  бир гана макала “Парус” басылмасында кезигет. Анда М.Аббас шейх жеткетеген египеттик тил борбору тууралуу кеп козголгон.

Аталган фонддор жана борборлор Асия Чомоевага тиешеси барбы? Белгисиз.

WhatsApp жана «Аль Фаджр»

 Асия Чомоева “Аль Фаджр” уран тууралуу  маалыматты массалык түрдө жайылтып келгенин жашырбайт.  Аны WhatsApp тармагынын «Балыкчы» тобунда Чомоева өзү да тастыктаган.  Аталган топ Ысык-Көлдөгү уран темасын талкулоо максатында түзүлгөн эле.

27 адамдан турган топто башка өлкөнүн жарандары да бар. Колдонуучулардын биринин телефон номери   + 92 340 кодунан башталат. Ал Пакистандагы Telenor уюлдук операторуна таандык. Ал эми WhatsApp аккаунтта Пакистандын жаранына окшош жаш жигиттин сүрөтү илинген.  Белгилей кетчү нерсе, бул топко кошулуучу шилтеме “Аль Фаджр” уюмунун Facebook соцтармагындагы баракчасында эркин көрсөтүлгөн. Ага ар бир жаран кошула алат. Бирок Ысык-Көлдөгү уран темасына Пакистан жаранынын кандайча кошулуп калганы суроо жаратат.

ИИМдин “Онунчу кызматы” жана “Аль Фаджр”

WhatsApp топто маалымат бөлүшүү укугу бир гана Асия Чомоевага таандык. Башка колдонуучуларга мындай укук берилген эмес. Ал жерде уран темасына байланыштуу иш-чаралар, митингдер жана жаңылыктар жарыяланып турат.

Бизге белгилүү болгондой, 8-июнда Балыкчы шаарында пландаштырылган түлөө тууралуу маалымат соцтармактарга жайылып кеткен. Уран казууга тыюу салынганына байланыштуу чоң майрам өткөрүлөрү тууралуу маалыматты колдонуучулардын бири көчүрүп (скриншотко тартып) соцтармакка таратып жиберген. Жарыя уранга каршы акция алдын ала пландаштырылып, каржыланган деген комментарий менен коштолот: “Ким сатылды? Эми мен ишенем уран боюнча ким бирөө атайын элди алдап митингге чыгарганына… Кафени ким төлөйт экен? За чей счет дегендей?”

Андан соң, топтун администратору маалыматты ким жайылтып жибергенин териштире баштайт. Асия Чомоева башка колдонуучуларды коркутуп, иш-чара тууралуу үн каткан адамга  чара көрүлөрүн жазып чыккан. Ал топко жаңы колдонуучуларды кошуп, алардын бирин ИИМдин онунчу кызматынан деп тааныштырат (ал  мыйзамсыз миграция, экстремизм жана терроризм менен күрөшүп келген). Учурда онунчу кызмат  “Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызмат” аталышта.

Factcheck.kg Чомоева кошкон номерди Getcontact и Eyecone тиркемелиринен текшергенде, 40тан ашуун жыйынтык чыккан. Ага ылайык, номердин ээсинин аты Замир экени жана анын чын эле ИИМге тиешеси бар экени аныкталган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат базасынан Балыкчы шаарынын тургуну Замир Абитов аттуу жаранды таптык.  Facebook социалдык тармагында анын аккаунту бар. Абитовдун сүрөттөрүнүн ичинен милиция кызматкеринин формасын кийип түшкөн сүрөт кездешет. Ачык маалымат булактарынан  Замир Абитовдун учурда ИИМде иштери тууралуу маалымат тапкан жокпуз.

Азыркы тапта «Аль Фаджр» фондунун электроэнергия тарифине кызыгуусу пайда болду. Ал үчүн WhatsApp тармагында “ЭЛ ҮНҮ” – Энерго Реформа!” аттуу топ пайда болгон. Учурда топтун курамында 100дөн ашуун колдонуучу бар.