МЕДИАСЫН: ВВС, Sputnik жана башка кыргызстандык ЖМКлардагы кыз-келиндерди кемсинтүү көрүнүштөрү

Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында ВВС, Sputnik.kg жана башка ЖМКларда айымдар тууралуу бир нече материалдар жарык көргөн. BBC сюжети кыргыз тилинде, ал эми Sputnik.kg сайтындагы макала орус жана кыргыз тилинде чыгарылган.

Кыргызстандык ЖМКларда буга чейин да «жакшы аялда кандай сапаттар болуу керек», «аял жакшы, эр жакшы», «энеси баласын таштап кетти» деген өңүттө макалалар чыгып келген.

Factcheck.kg «Медиасын» рубрикасынын алкагында кыргызстандык айымдардын статусун кемсинткен эки макалага токтолду.

1)  ВВС кыргыз кызматынын (BBC News Кыргыз)  сюжети- «Орусияда кыргызстандык мигрант кыз-келиндер таштап кеткен алты баланы Кыргызстанга алып келишти. Учурда балдарын таштап кеткендердин ата-эне, туугандары изделүүдө».

2) Колумнист Гульдана Талантбекованын «Ары-бери басып жүрө бербей даярдан! Турмушка чыкчу кыз биле жүрчү жагдайлар» аттуу макаласы.

ВВС сюжети

30 майда ВВС редакциясынын «Орусияда кыргызстандык мигрант кыз-келиндер таштап кеткен алты баланы Кыргызстанга алып келишти. Учурда балдарын таштап кеткендердин ата-эне, туугандары изделүүдө» аттуу сюжетин чыккан.

Тасманын темасынан эле балдарды энелери таштап кеткени белгилүү болот. Ал эми алардын аталары тууралуу кеп козголгон эмес.

Тасмада Россияда иштеген кыргызстандык кыз-келиндер көз жарган соң, дароо балдарынан баш тартканы айтылат. Балдар Кыргызстанга жеткирилип, учурда аларды багууга кыз-келиндердин төркүндөрү изделип атканы кабарланат.

Эки мүнөттөн ашуун сюжеттин ортосунда гана (1.12 мүнөтүндө) укук коргоочу Назгүл Турдубекова тарабынан ташталган балдардын аталарынын жоопкерчилиги тууралуу айтылат.

Ага карабай, тасманын автору жаңы төрөлгөн балдар үчүн бардык жоопкерчиликти аялдардын мойнуна илген. Эки мүнөттүн ичинде  «балдарын таштаган кыз-келиндер, энелер» деп беш ирээт айтылат. Автор бул жагдайдын себептерине токтолгон эмес. Мындан тышкары, аялдардын төрөт үйүндө өзү тууралуу маалыматты жашырбай бергени – тишелеүү органдарга алардын Кыргызстандагы туугандарын издеп табууга көмөк көрсөтөөрү тууралуу да айтылган эмес.

Мүчүлүштүк эмнеде?

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесине ылайык, баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги өздөрүнүн жөндөмдөрү менен финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша баланы тарбиялап жатышкан ата-эне менен тарбиячы адамдардын ар бирине жүктөлөт. 

Өз кезегинде, Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексине ылайык, балдарга байланышкан маселелерди чагылдырууда журналист бөтөнчө этият болушу шарт жана анын сынына кабылган адамдардын пикирлерин тең салмакта берүүсү керек.

Сюжетте айтылган кыз-келиндер ымыркайлардын аталары тууралуу маалымат бербесин эске алабыз. Себеби, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2018-жылы ар бир төртүнчү ымыркай никеден тышкары төрөлгөн.

Бирок, тасмадагы бардык ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө алардын аталары боюнча маалымат жок болгон күндө да, журналист ташталган балдардын аталарынын жоопкерчилигин айтпай койбошу керек эле.

Кароосуз калган ымыркайлардын көйгөйлөрүн чагылдырууда мисал катары «Кабар» агенттигинин макаласын алалы. Ошол эле мигранттардын балдары тууралуу материалдын темасы   «Кыргызстанда мигрант-ата-энелер тарабынан ташталган балдардын саны көбөйүүдө» деп берилет.  Мында  «эне» же «кыз-келиндерге» басым жасалбастан, «ата-энеге» бирдей жоопкерчилик берилген.

Sputnik.kg макаласы

Медиасынга кабылган экинчи материал  «Ары-бери басып жүрө бербей даярдан! Турмушка чыкчу кыз биле жүрчү жагдайлар» аттуу тема менен, алгач, кыргыз тилинде жарык көргөн.

Макалада автор «тажрыйбалуу»  адамдардан турмушка чыгарда эмнелерди эске алуу керектигин сураштырып, көп уккан кеңештерин окурман менен бөлүшөт.

Материалда аялдардын статусун кемсинткен, социалдык стигма, стереотиптик көз-карашты калыптандырган мүчүлүштүктөр бар экенин белгилейбиз. Жыйынтыгында, аялдын укугу жокко эсе, ал эми милдети чачтан көп болгон, окурман үчүн күң катары кабыл алынышы ыктымал.

«Ошко барып таң атпай эшик шыпырбайм дей көрбө!», «Түштүк тарапта жаңы келген келин күн чыга электе туруп эшик шыпырса, көл жакта уй саадырат деп айтышат».

«Кайын журтуң менен бирге турбасаң да күнүмдүк тиричилик сенин мойнуңда. Чай кайнатып, тамак жасап, үй жыйнап, кийим-кечек жууп жатып эле эсиң оойт. Баарына жетишүү керек. Анан мына эс алам деп дем алыш күндү күтүп жатсаң, кайын журтуң «конок тособуз» деп чакырып же мейманчылап келип калышы мүмкүн. Бул нормалдуу көрүнүш!».

Мүчүлүштүк эмнеде?

Текстте сөздөрдүн авторлору көрсөтүлгөн эмес. Тезистер социадык тармактардан алынганбы же форум, талкууларданбы? Же болбосо интервью берген адамдардын сөзүбү? Белгисиз. Түздөн-түз пикир да автор тарабынан өзүнчө бөлүнгөн эмес.

Журналисттин Этикалык кодексине ылайык, фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

Этикалык кодекстин биринчи беренесинде журналист коомдун демократиялашуу процессине көмөктөшүүгө тийиш деп белгиленген. Ал эми макаланын өзөгүн түзгөн аялдардын үй-бүлөдөгү стасусун кемсинтүү жана басынтуу – демократиялашуу процессинин фундаменталдык принциптерине тескери келет.

Жубайлар үй-бүлөдө бирдей укукка жана милдетке ээ деп Конституцияда айтылат.  «Эч  ким  теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясийжана диний ынанымдары үчүн же жеке жана коомдук мүнөздөгү кандайдыр-бир башка жагдайлар  боюнча басмырланып, эркиндиги жана укугу кысымга алынбайт».

«Үй-бүлө мыйзамдары үй-бүлөнү чыңдоо, үй-бүлө мамилелерин өз ара сыйлашуу, өз ара жардамдашуу сезимдеринде куруу жана үй-бүлөнүн алдындагы анын бардык мүчөлөрүнүн жооптуулугунун, кимдир-бирөөнүн үй-бүлөнүн ишине оюна келгендей кийлигишүүсүнө жол бербөөнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз укуктарын тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруусун камсыз кылуунун, бул укуктарда сот аркылуу коргоо мүмкүнчүлүгүнүн үй-бүлө мамилелериндеги гендердик теңдиктин зарылдыгынан улам келип чыгат» (КР Үй-бүлө кодекси, 1-берене).

Макаладагы салтка таянган аргумент – бул манипуляциянын бир түрү. Анда салт түздөн-түз баш ийдирүүчү мыйзам катары көрсөтүлөт. Мындай «салт»  аялдарга карата дискриминацияга жол берсе, зомбулукту актай турган болсо же учур чакка дал келбесе, ага баш ийүү – катачылык.

«Феминизм үчүн» сайтынын башкы редактору Н. Биттендин айтымында, ЖМК дагы сексизмдин бир нече түрү болот.   Сексисттик идеологиянын терс таасири, үй-бүлөдө, ишке орношууда жана билим берүү тармагында гендердик негизде жаралган зомбулук, сексуалдык басмырлоо көрүнүштөрүнө карата коомдо кайыл мамиленин келип чыгышы.

«Барометр» сайтында жарык көргөн «Жубайына тирек боло турган аял кандай сапаттарга ээ болот?» аттуу макала да дал ушундай сексисттик делген өңүттө жазылган.

Макаланы 4900 адам окуганын баса белгилөө керек. Андагы эң негизги идея – «аялдардын милдети». Ысымы аталбаган автор айымдардын кандай болушу керек экендигин белгилейт. Ал токтоо, сабырдуу, чыдамкай болуусу керек. «Телефонуңузду аңдып бирөөнүн аракетин жашыруун көзөмөлгө албайт. Адамдар кандай болсо ошондой кабыл алып өзү күтпөгөн жагдайлар чыгып калса кайгырбай алдыга кете берет». Мындан тышкары, ал ар дайым жылмайып турушу керек деп айтылат.  Автордун айтымында, саналып өткөн аялдардын көптөгөн милдеттери үй-бүлөдөгү бакубатчылыкка алып келет.

Редакция