Газпромдун «Кыш катуу болобу?» аттуу видеосу эмнени билдирет? Түшүндүрөбүз.  

5-сентябрда Telegram паблик «Ырайымсыз пиарчы» “Газпром” деген жазуусу бар униформа кийген адам газ түтүгүн жаап жаткандыгы тартылган видео жарыялаган. Мында шамал генераторлору, күн батареяларынын кадрларын көрүүгө болот жана  “европалык” шаарларды “муз доору” каптады деген сыяктуу манызда чагылдырылган.Ошондой эле видеону төмөндөгүдөй текст коштоп турат: «Кыздар, Түндүк Агым-1дин токтотулушуна карата чымчыктарыбыз бизге өз чыгармачылыгын тартуулады. Кантсе да биздин эл таланттуу.  Бүт нерсени мыкты жасашат.  Жана дагы ыр ушунчалык жагымдуу, обондуу, аялдын вокалы менен. Варвара Визбор аткарат. Идеянын авторлору: «Артур Ходырев жана Ко» чыгармачыл тобу. Адаттагыдай – питерликтер – @bratskiyvopros».

Бул видеону андан ары орус жана  украин тилдүү ЖМКлар да жарыялай баштады. Англис тилдүү Daily Mail  басылмасы бул видеону финансылык орусиялык маркетплейстин маалыматына ылайык, орус мамлекети көзөмөлдөгөн энергетикалык компанияга таандык деп жазып чыгышкан.

Эскерте кетсек,  “Газпромдун” ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары – газды, газ конденсатын жана муңайды геологиялык чалгындоо, өндүрүү, ташуу, сактоо, кайра иштетүү жана сатуу. Ошондой эле газды мотор отуну катары сатуу,  мындан тышкары жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү жана сатуу менен алектенет.

Кыш катуу болобу? деген видео эмнеге кеңири тарап кетти?  

2022-жылдын 2-сентябрында «Газпром» “Түндүк агым” газ түтүгүн токтотууну жарыя кылган. Орус газынын көлөмүнүн азайышы Европада энергетикалык кризистин  жаңы толкунун жаратты жана мындай кадамды манипуляция катары кабыл алышты.

Еврокомиссиянын спикери Эрик Мамер «Түндүк агымдын» жабылышы тууралуу төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:  «Газпромдун»  «Түндүк агым-1ди» жалган шылтоолор менен кайрадан токтотуу тууралуу бүгүнкү билдирүүсү  ( ред.- 2-сентябрь) алардын сатуучу катары дагы бир жолу ишенимсиздигин тастыктады. Ошондой эле бул нерсе Россиянын бетпактыгынын далили, анткени ал келишимдерди аткаруунун ордуна  газды күйгүзүүнү артык көрөт”.

Видеонун автору ким?

Видеонун авторлору – «Артур Ходырев жана Ко» чыгармачыл тобу,  Telegram паблик буга чейин жазып кеткендей, алар «Ырайымсыз пиарчы». 2022-жылдын 6-сентябрында «Фонтанка» басылмасы роликтин автору Артур Ходыревдун интервьюсун жарыялаган.

Ходыревдун айтымында аларга эч ким акча төлөгөн эмес, алар бул видеону өз демилгеси жана күчү менен жасашкан.

Белгилей кетсек, Артур Ходырев – ArtiAnt аттуу продакшн-студиянын башкы продюсери, «Россия-24» жана «Санкт-Петербург» телеканалдарынын атайын кабарчысы болуп да иштейт.

 Видеоката (Видеоляп)

Видеодо Красноярск шаарындагы Ванталык көпүрөнү көрүүгө болот.Демек, авторлор «тоңуп бараткан Европаны» чагылдыруу үчүн Красноярск шаарынын кыш мезгилиндеги кадрларын колдонушкан.

Соцтүйүндөрдө комментаторлор белгилеп кетишкендей, тагдырдын тамашасы менен Красноярск алиги күнгө чейин  газдаштырыла элек.

Этикага жат

Ырчы Варвара Визбор соцтүйүндөр аркылуу анын ырын видеого колдонууга уруксат бербегенин айтып чыкты. Анын аткаруусундагы «Кыш катуу болот» аттуу ырдын сөзү чоң атасы Юрий Визборго таандык. Ырчынын билдирүүсүндө видеодо ырдын тексти да бурмаланган: оригинал текстте “өлүм” деген сөз жок.

Колдонулган Красноярск шаарынын кыш мезгилиндеги кадрлары да терс талкууларды жаратты.

Rosbalt.ru басылмасы жазгандай: “Орусия дүйнөдө эң ири газ өндүрүүчүлөрүнүн бири болуп эсептелгени менен шаар канчалаган жылдардан бери газдаштырыла элек.  Ушул эле учурда губернатор Александр Усстун көмүр бизнеси менен алектенген уулу Артём Усс көмүргө байланыштуу мамлекеттик келишимдерди алып жатат. Жыйынтыгында шаар кыш сайын көмүр жана отун жагуудан бөлүнүп чыккан уулу заттардан жабыркап келет”.

Видеону өз телеграм-каналына жарыялагандардын ичинде Красноярск аймагынын губернаторунун биринчи орун басары Сергей Пономаренко да бар.  Ал видеого «Эми силер түшүнүп турасыңар да…» деген текст жазып жарыялаган.  Тургундардын көпчүлүгү бул видеого нааразычылыктарын билдиришип, аймакты шылдыңдагандык деп баалашууда.

«Балким «Газпром» Евробиримдикти шылдыңдап жатат – бирок менин оюмча ал видеодо түтүн чыгарган түтүктөрүн жана Энесайда шаар үстүндөгү “кара асманды” көргөзүп  Красноярск аймагын да шылдыңдагансыйт», — деп бул видео боюнча Красноярск Шаар Кеңешинин депутаты Сергей Шахматов Rosbalt.ru басылмасына билдирген.

Жыйынтык: «Газпромдун» логосу колдонулган видеонун автору үгүтчүл орусиялык ЖМКларда, анын ичинде «Россия-24» телеканалында иштеген журналист. Ал бул видеону акысыз түрдө жасап чыгарган. Видео өзү дагы пропаганда болуп эсептелет.

Редакция эскертет:  фейк видеонун автору Артур Ходырев жаштар үчүн түрдүү багыттарда  окутууларды өткөрүп келет. 2022-жылдын апрелинде студенттер менен болгон жолугушууда “кантип фейктерге алданбоо керек жана маалымат хаосунда тынч абалды кармануу” боюнча кеңештерин берип кеткен.