Жаңы Саламаттык сактоо министри 2021-жылдан бери эч жерде иштеген эмеспи?

5-сентябрда Жогорку Кеңештин профилдик комитети Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Гүлнара Баатырованы министрлик кызматка таплапкерлигин колдоду.

Factcheck.kg мекеменин жаңы жетекчисинин биографиясы менен таанышып чыкты. Гүлнара Баатырова 10 жыл КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү болгон, бирок 2021-жылдан кийинки ишмердүүлүгү тууралуу эч бир маалымат жок.

БШКнын сайтындагы аткаминердин биографиясында ал Кыргыз мамлекеттик медициналык институтту 1989-жылы аяктаганы жазылган. Ал Кара-Суу райондук борбордук поликлиникада участкалык терапевт жана бөлүм башчысы болуп эмгектенген, кийин Кара-Суу районунун Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору болгон (2001-2013-жылдары).

2013-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык аккредитациялоо комиссиясынын төрайымы.

Аны менен катар шайлануучу органдарда иштеген:

2004-жылы – Кара-Суу шаардык кеңештин депутаты,

2008–2011-жылдарда – Кара-Суу шаардык кеңештин төрайымы,

2011–2021-жылдарда – КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү.

БШКдан кеткенден кийин Баатырова каякта иштегени белгисиз.

Тыянак: Кыргызстандын жаңы Саламаттык сактоо министринин акыркы 10 жылдагы негизги иш орду КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссисы болгон.