Чиновниктердин декларациясы. Аманбай Кайыпов жашырган мүлк

Контейнер мектептин чуусу менен көпчүлүктүн сынына кабылган өкмөттүн Нарын облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, учурда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Аманбай Кайыпов декларацияда бизнесин көрсөткөн эмес. Ал  жоопкерчилиги четкелген эки коомдун негиздөөчүсү жана дагы бир ЖЧКга 2017-жылга чейин ээлик кылган.

2015, 2016 жана 2017-жылдары тапшырылган декларацияга ылайык, Кайыповдун жылдык кирешеси  561,5 миң сомду түзүп, орточо айлыгы  46-47 миң сомдун тегерегинде.

Factcheck.kg ачык булактардан чиновниктин декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкүн аныктады:

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/97d962b69758daef135afa798f705baa01ff406d.png?resize=408%2C444&ssl=1

 

 

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/c467d3edc6a1dede547bf8d898b7d1ecb54b011c.png?resize=426%2C447&ssl=1

 

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/def5bccacbef27c59b475e0375fafdff53ca5a97.png?resize=336%2C447&ssl=1

 

2017- жылы тапшырган декларациясында Аманбай Кайыпов аянты жалпы жонунан 850 чарчы метрди түзгөн үч турай-жай, эки унаа жана 3,3 млн сомго тете малын көрсөткөн.

Анын жакын туугандары 2017-жылы 336 миң, же айына 28 миң сомдон киреше тапкан.  Ал эми 2015-2016-жылдары алардын бир айлык кирешеси болгону 10 миң сомду түзгөн. Мындан тышкары, аянты 9277 чарчы метрди түзгөн «башка конструкция» аталышта кыймылсыз мүлк көрсөтүлгөн.

 

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/58a00d39e1001c3a0c2da19caa811aa3ccaa4a89.png?resize=433%2C414&ssl=1https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/a65bd384b424ca50544d05291a2699450275ec2f.png?resize=431%2C516&ssl=1https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/b841234cb8fb80901fd0c3f7bb64b535ffcd59fe.png?resize=429%2C540&ssl=1

 

 

 

 

Бирок, Юстиция министрлигинин жана ОsOO.kg сайтынын маалыматы Кайыповдун декларациясына шайкеш келбей калган —Аманбай Кайыпов кеңири ассортименттеги товарды дүңүнөн саткан «ANB-Group» (Ай Эн Би-Групп) ЖЧК сынын негиздөөчүсү. “Ачык бюджет” потарлынынын маалыматына ылайык, аталган фирма 2011-жылдан тарта 2018-жылга чейин бюджетке бир тыйын салык төлөгөн эмес.

 

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/a79ede2025fb19aef60dc23d46479956e3e018f8.png?resize=640%2C638&ssl=1

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/b42ac46b74fa4f95ff8f9362a3b21a23ca68f3da.png?resize=640%2C557&ssl=1

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/cfc937f7f15184427b89e11f6c247884d2fbf3fe.png?resize=640%2C401&ssl=1

Мындан тышкары, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары туризм тармагында да иш алып барат.  Ал «Дордой Жибек-Жолу» (ЖЧК) турагенттигинин негиздөөчүлөрүнүн бири.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/3137037ca3cf3e4f59e32e76ee01f546ab9e79f9.png?resize=640%2C688&ssl=1

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/eeebb13664b5d1b13f4c69c6a547a66c8a733e28.png?resize=640%2C591&ssl=1

Кайыпов өкмөттүн Нарын облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган кезде кыймылсыз мүлктү ижарага берип иштеткен “Шахи-ойл” (“Shahi-oil”) аттуу фирманын негиздөөчүсү болгон. https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/6baa0a77f32cfbcbe45750ffd791981d0e085647.png?resize=640%2C539&ssl=1

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/d36d603f250db3e1569cf342c52f79baf2cfbfbf.png?resize=640%2C194&ssl=1

Белгилей кетсек, мамлекеттик кызматкерлер декларацияда киреше жана чыгашаларын так, даана көрсөтүүсү үчүн жооптуу. Декларацияда келтирилген мүчүлүштүктөр тиешелүү органдар тарабынан текшерүүгө кабылышы зарыл.

Эскерте кетсек, Аманбай Кайыпов с 2013-жылдан тарта Нарын облусун башкарып келген.

2019-жылдын 2-сентябрында Кеңеш айылында контейнер мектептин ачылыш аземин чагылдырган сүрөттөр социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынган. Бийлик өкүлдөрү, алардын ичинде Аманбай Кайыпов соцтармактардын колдонуучуларынын катуу сынына кабылган.  4-сентябрда Кайыпов өз ыктыяры менен кызматтан кол жууп, эки күндөн соң  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.