#REакция митингине канча адам келди?

Бүгүн #REакция аталыштагы тынчтык митинги болуп өттү. Жараянды жарандык коом социалдык тармактар аркылуу уюштурган. Митингдин катышуучулары бийликтен “Азаттык” үналгысы менен Kloop редакциясынын иликтөөсүнө реакцияны талап кылышты. Иликтөөдө Кыргызстандар чыгарылган миллиондор тууралуу кеп козголгон.

Митинг катышучуларынын саны социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып,  Factcheck.kg редакциясы тарабынан текшерилүүсүнө себепкер болду.

Акцияга катышкан адамдардын санын аныктоо үчүн Герберт Джейкобстун формуласын пайдаланабыз. Катышуучулар жайгашкан аймактын аянтын аныктап, жыштыгына жараша 4,3 же 2,4 кө көбөйтөбүз.   Эл жыш жайгашып, ортосунан эч ким өтө албаса, 1 чарчы метр жер 4,3 кө көбөйтүлөт, ал эми эки адамдын ортосунан дагы башкасы өтө алса – ошол эле аянт 2,4 кө көбөйтүлөт. Эгерде ар бир адам кол суна ала тургандай аралыкта болсо, аянт 1 ге көбөйтүлөт.

Митинг тартылган тасмага көз чаптырсак, катышуучулар жыш жайгашканына карабай, саат 11.52 де аларды аралап өтүү мүмкүн болгон (митинг 11.30 да башталган). 2010-жылы шеит кеткендердин элесине арналган эстеликтин тегерегинде адамдар жышыраак жайгашкан.

 

Аймактын аянтын аныктоо үчүн Google Earth прораммасына кайрылабыз:

Биринчи сүрөттө катышуучулар жыш жайгашкан — алардын саны 1021 деген тыянакка келебиз.

Экинчи сүрөттө элдин саны азыраак болгон. Демек, 1 чарчы метр жерди 1 санына көбөйтүп, аталган аймакта 230 адам болгон деп жыйынтык чыгарабыз.

Эки сүрөттөгү элдин санын кошуп, журналисттерди жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн эске алганда митингге 1251 адам катышты деген тыянакка келебиз.

Жыйынтык:

Коррупцияга каршы #REакция митингине болжол менен 1251 адам келген.