Фактчек: Президенттин аппаратында иштеген аткаминер “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулап жатып Гитлердин сөздөрүн келтирди

15-ноябрда КР президентинин администрациясынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн “Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгү демилгелер” аталыштагы тегерек столдо “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоорлору талкууланды.

КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги жана “ЖМК жөнүндө” жаңы мыйзам долбоордун автору Мурат Укушев сөз сүйлөдү, деп билдирди Kaktus.media.

Иш-чара учурунда юристтер аткаминерге суроолорду берип жатышты. Мисалы, “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбооруна талдоо жүргүзгөн “Адилет” укуктук клиникасынын юристи Жылдыз Азыкова мыйзам долбоорунда кездешкен айрым аныктамалардын маанисин тактаганга аракет кылды. Ал жана кесиптештери бир айдан бери “айрым техникалык ыкмалар” деген эмне экенин түшүнө албай жаткандарын айтышты. Укушев жооп иретинде тарыхтан мисал келтирди.  

“Йозеф Геббельс ким экенин баарыңар билет болушуңар керек – пропаганда министри. Ал пропаганда адамдын аң сезимине эмес, сезимдерине багытталышы керек. Калп канчалык укмуш болсо, ага ошончолук көбүрөөк ишенишет деп жазган. Биздин максатыбыз – ушундайга жеткирбөө”, – деди Укушев.

“Проверено” редакциясындагы кесиптештер Интернет айдыңында көп колдонулган “Калп канчалык укмуш болсо, ага ошончолук көбүрөөк ишенишет” деген сөздүн Геббельске эч кандай тешеси жок экенин мурда эле жазып чыгышкан. 

Кесиптештер аныктагандай, Геббельстин өлүмүнөн кийин көп документтер калган. Германиянын башкы пропагандисти күндөлүк да жазып жүргөнү белгилүү. Бирок Геббельстин жеке жазууларында да, эл алдында чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө да “Калп канчалык укмуш болсо, ага ошончолук көбүрөөк ишенишет” деп жазганы, же айтканы табылган эмес. 

Укмуш калп жөнүндө сөз андан мурда пайда болгон жана ал Геббельске эмес, Гитлерге таандык. 1925-1926-жылдары жарыяланган Mein Kampf китебинде Гитлер, анын пикиринде, Биринчи Дүйнөлүк согушта Германиянын жеңилишинин себепкерлери ейрейлер менен марксисттер болгон деп жазат.  

“Бул мырзалар, канчалык калпың укмуш болсо, ага ошончолук көбүрөөк ишенишет деп туура эсептешкен. Жөнөкөй адамдар кичинекей калпка караганда чоң калпка жеңилирээк ишенишет. Бул алардын жакыр жан-дүйнөсүнө туура келет. Алар кичине калп айта аларын билишет, бирок чоң калпка даай алышпайт. Чоң калп алардын оюна да келбейт”.

Цитатанын булагын издөөгө Орусиянын Президенти Владимир Путиндин 30-сентябрдагы украин жерлерин анексия кылууга арналган сөздөрү себепкер болгон. Орусиянын жетекчиси да Геббельске шилтеме кылып, Батыш анын айткандары боюнча иштеп жатат деп күнөөлөгөн.

Тыянак: Президенттин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушев Геббельстин эмес, Гитлердин сөздөрүн келтирди.

БИЛДИРМЕ

1920-жылдын жарымынан кийин Йозеф Геббельс УСНЖПнын (Улуттук-социалисттик немис жумушчулар партиясы) идеологдорунун бири болгон, ал эми Гитлер 1933-жылы бийликке келгенде Элге билим берүү жана пропаганда рейхсминистр кызматына дайындалган. Ал баланын туулганынан жана анын тарбиясынан баштап кино, театрга чейин жашоонун бардык тармагын камтыган мурда тарыхта кездешпеген мамлекеттик пропаганда жүргүзүүнүн түзүмүн түзгөн.