ЖК депутаттарынын дээрлик бир чейрегинде бизнеси бар

Кыргызстанда бир жыл мурда, 2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депуттары шайланган болчу. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык, мамлекеттик кызматкерлер коммерциялык уюмдардын башкармалыгында боло алышпайт.

Factcheck.kg редакциясы Юстиция министрлигинин маалыматтарын талдап чыгып, депутаттардын кимиси азыркыга чейин коммерциялык ишмердүүлүктү мамлекеттик иш менен кошо бир учурда жүргүзүп келе жатканын аныктады.

Марат Мураталиев

Компаниялардын саны боюнча алдыңкы орунда Марат Мураталиев турат. Ал сегиз фирмада кошо негиздөөчү болуп катталган. Алардын бешөөсү  микро насыяларды берүү менен (“Намыс-Аманбай“ МНК ЖЧК, “Намыс-Белсен“ МНК ЖЧК, “Аман-Эсен“ МНК ЖЧК, “Намыс-Талас“ МНК ЖЧК, “Эркин-Капитал“ МНК ЖЧК), экөөсү гравийди жана баалуу кендерди казып алуу менен (“БИМ-Артель-Со“ ЖЧК жана “Ала-Тоо Кенч“ ААК) жана бирөө өсүмдүктөрдү өстүрүү менен (“Бабахан Агротехсервис“ айыл чарба кооперативи) алектенет.

Белгилей кетүүчү жагдай, компаниялардын ичинен бирөөсү гана – “БИМ-Артель-Со” ЖЧК салыктарды төлөп келет. Калган фирмалар же салыктарды төлөбөйт, же Салыктөлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН) жок, бул төлөмдөрдү ачык булактардан аныктаганга мүмкүнчүлүк бербейт.

Мураталиев Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин мүчөсү. Ошондой эле «Кумтөрдүн» ишин жана алтындын сатылышын иликтөө боюнча комиссиянын курамына кирет.

Арсланбек Малиев

Арсланбек Малиев беш компанияга ээлик кылат. Үч компания дүң соода-сатык менен алектенет – “ААЛАМ” холдинг компаниясы” ЖЧК, “Жан Интернешнл Ко“ ЖЧК, “МАК“ ишканалар системасы“. Калган компаниялардын бирөөсү жашылча жана жемиш ширелерин (“Кей-Эм-Джей Лимитед“ ЖЧК), экинчиси клейди (“Хасан Аби“ ЖЧК) чыгарат.

Быйыл августа белгилүү болгондой, Малиев Ысык-Көлдө пансионат курууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, пансионаттын курулушу тыюу салынган жерде, бакзар-кумжээк аймагында жүрүп жатат.

Нурланбек Азыгалиев

Нурланбек Азыгалиевге үч компания таандык. “БИМЕКС” ЖЧК 2005-жылы эле  катталган болчу, бирок анын ишмердүүлүгүнүн түрү жана СИНи тууралуу маалыматтар жок. Бул фирманын негиздөөчүсү катары жалгыз гана депутат көрсөтүлгөн.

BIMEX” ЖЧК (“БИМЕКС”) (ИУ-Китай) кытайлык инвесторлор менен биргеликте бир жылдан кийин 2006-жылы ачылган. Минюстта бул компаниянын ишмердүүлгүнүн түрү тууралуу дагы маалымат жок.

Ново-Троицкое КПП” ЖЧК курулуш менен алектенет.

Эльдар Сулайманов

Эльдар Сулайманов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү. Анын үч компаниясы бар. Алардын бирөөсү автоунааларды сатуу менен алектенет – “LTD  ЦМОТ Жибек-Жолу“ ЖЧК.

Совместная Кыргызско-Китайская Корпорация” ЖЧК саламаттык сактоо тармагында иш алып барат. Депутат бул фирманын директору болуп катталган. “Ачык бюджет” базасында салык төлөмдөрү тууралуу маалымат жок. Сулайманов ошондой эле “Пэйнто” ЖЧКнын (полимерлердин негизинде сырларды, эмальдарды жана лактарды чыгаруу) негиздөөчүлөрүнүн курамына кирет.

Чолпон  Султанбекова

Чолпон  Султанбекова эки компаниянын “Палван” ЖЧК (нан жана ундан жасалган кондитердик азыктарды чыгаруу) жана “Соломон плюс” ЖЧК (баалуу металлдарды жана сейрек кездешуучу металлдардын рудаларын казып алуу) негиздөөчүсү. Бирөөндө ал жападан жалгыз негиздөөчү болсо, экинчисинде кошо негиздөөчүлөр катары Кудайбердиев Абдулбасид Рожоболиевич жана Шин Александр Витальевич көрсөтүлгөн.

Эмилбек Джусупов

Эмилбек Джусупов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү. Ошол эле кезде ал бетонду чыгарган “Эмаком Бетон“ ЖЧК курулуш компаниясынын кошо негиздөөчүсү. Ал мыйзамсыз курулуш боюнча чыр-чатакка катыштыгы бар “Эмаком Холдинг” курулуш компаниясынын директору болгонун буга чейин Kaktus Media жазып чыккан болчу. Азыр ал кызматты бир тууганы Эрланбек Джусупов аркалап келет. Эмилбек Джусупов депутат болгондо ал “Эмаком Щит” коопсуздук агенттигинин негиздөөчүсү да болуп да катталган.

Гулшаркан Култаева

Гулшаркан Култаева эки компаниянын ээси – “МЭГУ” ЖЧК (брондоо жана туризм тармагындагы башка ишмердүүлүк) жана “Абсолют Грант” ЖЧК (адистештирилбеген дүң соода). Ал экөөндө тең жалгыз негиздөөчү болуп эсептелет жана эки компания тең салыктарды төлөбөй келет

Жанар Акаев

Жанар Акаев азыркыга чейин коммерциялык ишмердүүлүктү жүргүзүп келет. Анын “Акаев идея“ ЖЧК деген фирмасы адистештирилбеген дүң соода менен алектенет. Ал 2019-жылы эле компания жоюлуп жатканын жана компаниядан эч кандай киреше көрбөгөнүн билдирген болчу. Бирок компания Юстиция министрлигин базасында дагы эле турат.

Дагы бир канча депутаттын бирден компаниялары бар. Депутат-ишкерлердин толук тизмегин бул жерден көрсө болот.

Тыянак: Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 20сы азыркыга чейин коммерциялык ишмердүүлүктү жүргүзүп келет. Бул “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына каршы келет.