Фактчек. Маалымат чын болуп чыкты: Десятников – РФ жараны.

Facebook социалдык тармагында фейк аккаунту Компромат КГ Бишкек шаардык Кеңештин депутаты Павел Десятников Россиянын жараны экендиги тууралуу маалымат таратты.

Facebook социалдык тармагында фейк аккаунту Компромат КГ Бишкек шаардык Кеңештин депутаты Павел Десятников Россиянын жараны экендиги тууралуу маалымат таратты.

РФнын ИИМнин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын сайтында БШКнын депутатынын паспортунун сериясын жана номурун терип текшерип көрдүк. Биринчи кезекте жеке өздүгүн тастыктоочу документти издедик. Натыйжада РФнын ИИМнин сайтынын электрондук кызматтары аркылуу бизге керек серия жана номурлуу паспорт табылды.

 

Бул паспорт Павел Десятниковго таандык экендигин текшерүү үчүн Россиянын жарандарынын идентификациялык номурун аныктоочу сервисти пайдаландык. РФнын федералдык салык кызматынын сайтындагы атайын форманы толтургандан кийин, чындыгында эле Десятников Павел Николаевич РФнын жараны жана салык төлөөчүсү экендигин ырастаган сериясы жана номуру, кошумча туулган жана документ берилген датасы көрсөтүлгөн паспорт табылды.

 

Эгерде берилген маалыматта бир эле тамгасынан жаңылса, сервис тескери жыйынтык берет. Ошентип, Бишкек шаардык Кеңештин депутаты РФнын жараны, РФнын салык төлөөчүсү катары да базада бар.

Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдын 47-беренесине ылайык, БШКнын депутатынын ыйгарым укуктары «Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда» токтотулат.

Эскерте кетсек, буга чейин БШКнын башка депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин да экинчи жарандыгы бар болуп чыгып, Аймактык жана Борбордук шайлоо комиссиялары аны депутаттык мандатынан ажыратышкан. Бишкек шаарынын район аралык соту АШК жана БШК чечимдерин мыйзамсыз деп тапкан. Ошентсе да Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарып, депутатка мандаты кайтарылган эмес.

 

Бүтүм:

  • БШКнын  депутаты Павел Десятников РФнын жараны болуп саналат, анткени анда РФнын паспорту бар жана РФнын салык төлөөчүлөр базасында катталган;
  • Мыйзам боюнча депутаттык мандатынан ажыратылышы керек.