Боюнда бар кичинекей кыз тууралуу фейк

Социалдык түйүндөрдө боюнда бар афгандык кыз тууралуу маалымат активдүү тарап жаткан кез. Factcheck.kg бул маалыматтын калп экенин аныктады

Социалдык түйүндөрдө боюнда бар афгандык кыз тууралуу маалымат активдүү тарап жаткан кез. Factcheck.kg бул маалыматтын калп экенин аныктады.

“Талас Байбото” аттуу колдонуучу жарыялаган сүрөттө 8-9 жаштардагы кыз чагылдырылган.

Сүрөттүн астында «Исламская академия» (Ислам академиясы) деген жазуу турат. Ошондой эле комментарийлердин биринде «Авганистанда кызды зордоп куйого берген» деп жазылган.

Мындан тышкары сүрөттүн алдында калтырылган пикирлердин арасынан ислам жана мусулмандардын дарегине жазылган сын-айыптоолорду жолуктурууга болот. Мисалга “шариат боюнча жашы жете элек балдар менен интимдик катнашта болууга уруксат берилет” – деген сыяктуу комментарийлер бар.

Factcheck.kg фейк маалыматтардын бетин ачуучу ресурстардын жардамы менен бул сүрөттүн баштапкы булагын тапты.

Көрүнүп тургандай, бул билдирүүдө сүрөттөгү кичинекей кыз оорулуу экени жазылып, анын операциясына акча чогултуп жардам кылууга чакырык жасалган: «Кыздын аты Сон. Оорунун кесепетинен анын көк боору чоңоюп 5 килограммга жетти. Ал кыйналып дем алууда. Анын өмүрүн сактоо үчүн 80 миңдей афгани зарыл».

Тыянак:
Боюнда бар кичинекей кыз тууралуу сүрөт –  фейк