Фактчек: Камчыбек Ташиевдин сүрөтүндө жанында чын эле балдактар турат

ЖМКларда Камчыбек Ташиевдин сүрөтү жарыяланды. Анда КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жетекчиси жумуш столунда иш үстүндө деп айтылган.

Сүрөттүн өзгөчөлүгү – Ташиевдин аркасында балдакка окшош буюмдардын жөлөнүп турганы. Бирок сүрөттү жарыялаган “Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Kaktus.media’нын суроосуна жооп берип жатып, Ташиевдин ден соолугу чың экенин билдирген. 

Редакция сүрөттү текшерип чыгып, кадрга болжолдуу түрдө немистер чыгарган балдактар түшүп калганын аныктады. 

Сүрөттү фоторедактор менен ачып, анын контрасттуулугун өзгөрткөнүбүздө деталдар жакшырак көрүнө баштаган. Андан кийин ушундай балдактарды интернеттен табуу кыйынчылыкты жараткан жок. 

Балдактагы кызыл түстөгү эки объект – жарык чагылдыргычтар. Алар балдактын кармагычына да жайгаштырылган. Сүрөттөгү балдакка опокшош, жарык чагылдыргычы бар “Көк түстөгү Klassiker 220 DKBL чыканак балдак” моделин медициналык жабыдктарды саткан сайттан таба алдык:

Өндүрүүчүнүн расмий сайтында биз ага окшош моделди таптык, анын баасы 14.30 евродон 63.50 еврого чейин.

Тыянак: Камчыбек Ташиевдин сүрөтүндө анын жанында чын эле балдактар турат.