ЖМК жөнүндө мыйзамдын автору кайра кармалды. Бул жолу РИА-Новостинин макалаларын плагиат кылган жеринен

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушев ЖМК жөнүндө талаштуу мыйзам долбоорунун авторлорунун бири катары таанымал болгон. Биз мурда жазгандай, коомдук талкууга алынып чыккан мыйзам долбоорунун биринчи редакциясы дээрлик толугу менен орусиялык мыйзамдан көчүрүлүп алынган болчу. Factcheck.kg редакциясы аныктагандай, Укушев плагиатка мыйзам долбоорун жазууда гана эмес ЖМКларда өз атынан макалаларды жарыялаганда да барат экен.

Эскерте кетсек, Factcheck.kg сайтынын окурмандары Мурат Укушевди анын “калп канчалык укмуш болсо, ага ошончолук көбүрөөк ишенишет” деген цитата келтирүүсүнө фактчекинг боюнча жакшы билишет. Аткаминер аны ЖМК жөнүндө мыйзам боюнча кезектеги коомдук талкуу болуп жаткан учурда келтирген болчу. Укушевдин билдирүүсү боюнча бул сөздөрдү “адам тарыхында пропаганданын классиги катары белгилүү болгон” Йозеф Геббельс айткан. Редакциянын журналисттери аныктагандай, бул цитата чындыгында Адольф Гитлерге таандык болуп, бул сөздөрдү ал “Менин күрөшүм” (нем. Mein Kampf, ред. түш.) деген китебинде жазган.

Кезектеги плагиат 

Журналисттер Мурат Укушевдин дагы бир плагиатын табышты. Бул жолу анын “Кыргызстан «Рим Папасынан да ыйык» болушу шарт эмес: Европа Биримдигиндеги жана АКШдагы митингдерди укуктук жөнгө салуу жөнүндө. 1-бөлүк” деген аталыштагы автордук макаласында. Макала «AКИpress» сайтынын “Пикир” деген бөлүмүндө быйыл 28-январда жарыяланган. Бул көлөмдүү макала, анын тексти 11-шрифт менен тогуз баракты ээлейт.

Тексттин биринчи жарымында аткаминер митингдер жана жыйындар тууралуу сөз кылып, Адам укуктарынын жалпы декларациясынан нормаларды келтирип, “либералдардын” демократияны талап кылгандарынын айынан мамлекет “айнек” сымал болуп калды деп күнөөлөйт. Бул бөлүктө плагиат жок.

Бирок митингдерди жана массалык иш чараларды өткөрүү жөнүндө Улуубританиянын жана Германиянын мыйзамдары тууралуу сөз болгон макаланын экинчи бөлүгү 100% “РИА-Новостинин” 2012-жылы жарыяланган “Митингдерди жана массалык иш-чараларды өткөрүү жөнүндө бир катар мамлекеттердин мыйзамдары” деген материалынан көчүрүлүп алынган. “РИА-Новостинин” макаласында алты өлкөнүн: АКШнын, Германиянын, Франциянын, Улуубританиянын, Жапониянын жана Швециянын мыйзамдары келтирилет. Укушев “өз” материалында эки өлкөгө тийиштүү бөлүмдөрдү толук көчүрүп алган.

Плагиатты аныктаган онлайн-кызматта эки бөлүмдү текшерип чыктык, анын жыйынтыктарын төмөндө көрсө болот:

Көрүнүп тургандай, биринчи эки шилтеме –  АКИpress’теги “Пикир” («Мнение») жана «РИА-Новостинин» материалы – бири-бирине 100% окшош. 

Тыянак: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушев өзүнүн “автордук” макаласында «РИА-Новостинин» материалынын текстинин жарымын колдонгон. Ошондой эле “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун биринчи редакциясы толук көчүрүлүп алынган, аткаминер аталган мыйзам долбоордун негизги автору болуп эсептелет. Ошондой эле ал Йозеф Геббельстин ордуна Адольф Гитлерди цитаталаган.

Белгилей кетүүчү жагдай: аткаминердин макаласынын аталышында ал 1-бөлүк экени көрсөтүлгөн, демек анын уландысы  болушу керек. Макаланын соңунда да “Уландысы болот” деп жазылган. Бирок сайттан биз материалдын экинчи бөлүгүн таба алган жокпуз. Бирок ошол эле рубрикада аткаминердин “Биз кандай мамлекетти куруп жатабыз: европалык демократиялык бакыт үчүн жарышты уланта беришибиз керекпи? («Какое государство мы строим: стоит ли продолжать гонку за европейским демократическим счастьем?») жана “Мамлекеттүүлүктүн пайдубалын кантип талкалап жатышат” («Как разрушают основы государственности») деген макалаларын таптык. Биз аларды да плагиатка текшерип чыгабыз.