Фактчек: Жаңы Зеландиянын жаңы премьер-министри эмделбеген жарандарды куугунтуктаганы жатабы?

Кристофер Хопкинс жакында Жаңы Зеландиянын премьер-министри болуп шайланганда  ал “эмки жылдын башында” эмделбегендерди куугунтукка алууну пландап жатканын айткан видео Telegram мессенджеринде таркатыла баштады. Бул сөздөрү үчүн аны маньяк деп аташты. 

Factcheck.kg редакция бул маалыматты текшерди.

Бардыгын Кристиндин “…Chasing up people, who haven’t come forward to get their vaccination…“ деп айтканы нааразычыдык жаратты. Анын сөздөрүн “…Эмдөөгө келбеген адамдарды куугунтуктоо” деп которсо болот.

Крис Хопкинс чынында эле бул сөздөрдү айткан. Видео жасалма эмес. Ал Крис Хопкинс 2021-жылы 6-июлда катышкан “AM Show” таңкы шоудан алынган, саясатчы телекөрсөтүү учурунда эмки жылга чейин бардык адамдарды эмдегенге жетишсе болобу деген суроого жооп берген.

Көп өтпөй Кристин айрым айткандары контексттен кесип алынып, конспирологдордун арасында таркатыла баштаган. Алардын бири @ConspiracyCen Twitter-аккаунту эсептелет, учурда ал жеткиликтүү эмес, бирок колдонуучулар оригиналдуу тексттин скриншотун сактап алышкан.

Бирок пикир калтырган айрым колдонуучулар “Chase Up” деген жаңызеландиялык идиома болорун жана ал чындыгында “эскертүү” деген мааниде экенин белгилешкен. Facebook тармагында да ушуга окшош пикирлер айтылган.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын июлунан ноябрына чейин COVID-19 пандемиясы учурунда Кристофер Хопкинс саламаттык сактоо министри болгон. 2020-жылдын ноябрынан 2022-жылдын июнуна чейин таажычан вируска каршы чараларга жоопкерчиликтүү министрликти жеткетеген. Хопкинстин пландаганы ишке ашканын жана 2022-жылы Жаңы Зеландияда эмделбеген адамдарга куугунтуктоо болгонун көрсөткөн маалыматтар табылбады.

Тыянак: далилденген эмес. Биринчиден, саясатчынын сөздөрү бурмаланган, экинчиден, видео 2021-жылы тартылган жана учурда ал актуалдуу болуп эсептелбейт. Жаңы Зеландияда эч кандай куугунтуктоолор болгон эмес.