Фактчек: Патагониялык эки баштуу алп болгонбу?
Коомдук түйндөрдө бою 3,5 метрге жеткен имиш “Кап-Два” аттуу Патагониялык эки баштуу алптын мумиясынын сүрөтү жана ал тууралуу маалымат таркатылып жатат. Кызыгы, коомдук түйүндөрдө жана мессенджерлерде окшош текст таркатылып жатат, бирок бир да жерде алптын чын эле болгонун тастыктаган бир да маалыматка шилтеме келтирилбейт: “Патагониядагы эки баштуу алп. Эки башы бар алп денелүү адамдын сөөгү Балтимордогу жеке коллекциялардын биринде сакталууда. Анын бою 3,66 метр. Аны 1637-жылы испан моряктары Патагонияда туткунга алганы белгилүү. Качууга аракет кылгандыктан моряктар аны өлтүрүшкөн, ал эми анын мумифицияланган денесин Европага алып келишкен. “Кап-Дванын” мумиясы көп убакыт Англияда болгон, XX кылымдын ортосунда АКШга жеткирилип, жеке коллекционердин колуна өткөн”.
Factcheck.kg редакциясы чындап эле патагониялык алптар бар же жок болгонун текшерди.
1522-жылы португалдык “Виктория” кемеси Испаниядагы Санлукар-де-Баррамеда портуна келип токтойт. Кеме мындан үч жылы мурун ушул эле порттон чыгып, Фернан де Магальяйнстын башкаруусунда, ал урпактарга Фердинанд Магеллан катары белгилүү, дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп жер шарын айланып чыккан. Магелландын өзү саякаты тууралуу отчет жазганга үлгүрбөдү – саякат учурундагы Мактандагы салыглашуулардын биринде ал каза болгон. Аман калгандардын бири Антонио Пигафетта анын ордуна бул саякат тууралуу белгилүү отчетун жазган.
Пигафеттин жазуусу аркылуу европалыктар биринчи жолу Патагониянын керемет дүйнөсү менен таанышып, кийинки кылымдарда бардыгы ушул жерге баарууну кыялдана башташат. Пифагет европалыктардын патагониялыктар менен биринчи жолугушуусун мынтип сүрөттөйт:
“Бир жолу биз порттун жээгинде жерди алып башына чачып, бийлеп, ырдап жаткан алп денелүү жылаңач кишини көрдүк. Капитан-генерал бизден бир кишини алпка жиберип жатып, тынчтык менен келгенин көрсөтүү үчүн ал дагы алпка окшош аракеттерди жасасын деди. Айтканды жасап ал алпты капитан-генерал күтүп турган аралчага алып келди. Ал бизге келгенде таңгалганын жашырбай, асмандан түштүңөрбү дегендей сөөмөйүн улам өйдө жакты көрсөтүп жатты. Ал ушунчалык узун болчу, биз анын белине гана чейин жетет элек”.
Жаңы Дүйнөнүн биринчи карталарында бул аймак regio gigantum («алптардын жери») деп аталат эле. Латынча ушундай аталыш карталарда XVII кылымга чейин колдонулуп келди.
1773-жылы Джон Байрондун саякаты тууралуу расмий отчет жарыяланганда гана патагониялык алптар тууралуу ушак-айыңдар калп экени далилденди. Бул отчетто көрсөтүлгөндөй, Байрон чындап эле патагондуктар менен жолуккан, бирок алардын эң узунунун бою болгону 6 фут 6 дюйм болгон. Башкача айтканда, алар салыштырмалуу узун бойлуу болушкан, бирок баары бир 12 футтук алпка жетишпейт эле. Байрон менен жолуккандар теульче уруусунан болушу мүмкүн, 1880-жылы Рокк экспедициясы менен бул уруу толугу менен жок кылынган.
Бул табышмактуу мумияга америкалык цирк ишкери Финеас Тейлор Барнумдун түздөн түз тиешеси бар деген маалымат бар. Барнум таксидермист болгону белгилүү. Башкача айтканда, ал ар кайсы жаныбарлардын өлүктөрүн, сөөктөрүн колдонуп, жомоктогу жандыктарды жасап, элге сунуштап келген. Ал ушинтип суу перисинин (русалканын) скелетин, алптын статуясын жана дагы толтура бул жашоодо кезиктирүүгө мүмкүн болбогон жандыктарды жасаган. Андай жандыктар жок экени айдан ачык болсо да, анын колунан жаралгандарды сатып алгысы келгендер көп боло турган. Алар накта, чыныгы деп сатылышат эле. Ал эмес Барнумдун аты менен психологиялык эффект да аталган болчу.
Эскерте кетсек, рекорддордун Гинес китебинде дүйнө жүзүндөгү эң бийик адам деп америкалык Роберт Уодлоу аталат. Анын бою тууралуу так маалыматтар бар. Ал гипофиздин шишиги жана акромегалия менен ооругандыктан анын бою өмүр бою өсүп келген. Өлөөрдүн алдында анын бою 272 см түзгөн.
Тыянак: калп. Патагонияда эч качан үч метрлүү алптар жашаган эмес. Ал эми эки баштуу мумия таксидермист шылуундардын колунан жаралган.