Фактчек: Куш тумоосу мутация болуп жатабы, БДССУ жаңы пандемияны күтүүдөбү, ал эми АКШ вакцинаны иштеп чыгууну тездетүүдөбү?

Куш тумоосу катары белгилүү H5N1 вирусунун мутациясы тууралуу маалымат коомдук тармактарда жана Telegram-каналдарда таркатылып жатат. Вирус мутация болгондон кийин сүт эмүүчүлөр арасында тарай баштаганы айтылат. Андан кийин АКШ “бул вируска каршы вакцинаны иштеп чыкканга киришти, аны кийин Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДССУ) кезектеги пандемия учурунда колдонмокчу” деген кезектеги конспирологиялык идеяга орун берилет.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын аныктыгын текшерди.

Конспирологиянын ханыбы же параноикпи?

Бардыгы баштапкы маалымат булагы катары InfoWars’ту көрсөтүшөт. Бул булак абдан күмөндүү репутацияга ээ. Анын негиздөөчүсү жана ээси Алекс Джонсту CNN “конспирологиянын ханы” деп атаган, ал эми Rolling Stone журналынын пикиринде, ал – “Американын эң параноид адамы” болуп эсептелет.

Алекс Джонс Дональд Трамптын тарапкерлеринин демонстрациясында. 2020-жылдын 12-декабры Evelyn Hockstein / The Washington Post / Getty Images

Ал бир нече жолу жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, ага чоң өлчөмдөгү айып пулдар салынган. Мисалы, Джонс 11-сентябрдагы терактты американын өкмөтү уюштурган деп билдирген. Барак Обама менен Мамдептин жетекчиси Хиллари Клинтонду “күкүрт жыттанган жиндер” деп атаган. Джонстун пикиринде, COVID-19 болгон эмес, ал эми АКШнын өкмөтүндө аба-ырайын башкарган курал бар, Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча федералдык агенттик өлкө боюнча концлагерлерди куруп келет, ал эми өкмөт абага жана сууга адамдарды гомосексуал кылган химикакаттарды чачып келет. Адамдарды гана эмес, бакаларды да. Ошондой эле анын айтымында, 2012-жылы Сэнди Хуктагы баштапкы мектепте эч кандай ок атуу болгон эмес.

2018-жылы кастыкты козутканы үчүн Джонстун жана InfoWars’тун каналдарын жана аккаунттарын Facebook, Apple, YouTube, Twitter, Vimeo жана Spotify өчүргөн болчу. Apple App Store жана Google Play тиркемелер дүкөнүнөн InfoWars тиркемесин алып салышкан, ал эми PayPal анын булактары үчүн бизнес-транзакцияларды өткөрүүдөн баш тарткан.

Тынчсызданууга негиз барбы

Биздин редакция былтыр күзүндө куш тумоосу жана анын сүт эмүүчүлөр, анын катарында адамдар үчүн коркунучу тууралуу жазган болчубуз.

БДССУ маалыматы боюнча, 2003-жылдан 2022-жылдын октябрына чейин 21 өлкөдө адамдардын A(H5N1) тумоосун жуктуруп алгандарынын 868 учуру жана ага байланыштуу 456 адамдын өлүмү катталган.

2022-жылдын аягына карата Европада адамдын A(H5N1) тумоосун жуктуруп алганынын үч учуру катталган – бир учур 2021-жылы Улуу Британияда жана эки учур 2022-жылы Испанияда.

Зооноздук тумоонун инфекциясы адамдарда ар кандай өтөт: ал симптомсуз өтүшү мүмкүн, же жогорку дем алуу органдары сезгениши мүмкүн (лихорадка, жөтөл), же оору бат күчөп оор пневмонияга, курч респиратордук дистресс-синдромго өтүп, шокко же адамдын өлүмүнө да алып келиши мүмкүн.

Бул жылдын февралындагы тынчсызданууга Перудагы деңиз арстандарында байкалган куш тумоосу жана былтыр ноябрда бир дельфинге байланыштуу окуя себепчи болгон.

Ошондой эле Испания менен Норвегиядагы норкалардын фермасында ооруну жуктуруп алуу учурлары катталган.

БДССУнун генералдык директору Тедрос Адханом Гебрейесус 8-февралдагы сөзүндө адамдын ооруп калышынын ыктымалдыгы өтө аз болсо да сүт эмүүчүлөргө вирустун жугушуна катуу көңүл буруу керектигин билдирген.

“Биз бардыгы ушул эле бойдон калат так кесе айта албайбыз, ошондуктан күтүлбөгөн нерселерге да даяр болушубуз керек”.

Америкалыктар вакцинанын үстүндө иштеп жатышабы?

БДССУнун директору АКШ H5N1 вирусуна каршы вакцинанын үстүндө иштеп жатарын айтпаса да, интернетте бул тууралуу маалыматтар толтура. Анын ичинде АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) расмий сайтында да. Бирок процесс баштапкы гана баскычта, аны колдонууга БДССУ макулдук бергиче дагы да илимий рецензиялоо, үч жолку тестирлөө жана дагы бир катар чаралар керек болот.

Тыянак: чындык. H5N1 вирусу чындап эле сүт эмүүчүлөрдү жугуза баштады, ал эми АКШда бул вируска каршы вакцинанын үстүндө иш башталды.