Үч адамдын өлүмүн чагылдырган медиалардын ишиндеги ойго салган айрым жагдайлар

16-февралдагы үч адамдын – энесинин, кызынын жана баласынын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнөн бери жарым айга жакын убакыт өттү. Сезимге көп алдырбай, ошол кездеги медиалардын иш алып баруусуна талдоо жүргүзсөк болчудай. Бул биринчи кезекте, кырсык болгон үйдүн видеокамераларына кыздын жерге кулашы жана шектүүнүн кыздын денесин подъездде көтөрүп баратканы тартылган видеожазууларды медиалардын колдонуусуна байланыштуу. Бул жаатта ойлонткон жагдайлар бар.

Биз маалыматтык интернет-басылмалардын жана айрым салттуу ЖМКлардын интернет-баракчаларына гана сереп салдык. Сайттарга гана көңүл бурганыбыздын себеби – эл үчүн алар учурда негизги маалымат булактары болуп эсептелет. Анан да аларда кесипкөй журналисттер иштешет.

Google’дун издөө кызматы жалпысынан кыргызстандык 19 медиа сайт боюнча маалыматтарды сунуштады. Алардын ошол күндөрдөгү жаңылыктарын талдап чыгып, төмөнкү көрүнүштү байкадык.

Окуяны чагылдырууда видеосуз, тексттик материалдар менен гана чектелгендердин арасында өлкөдөгү алдыңкы деген медиаларды кезиктирүүгө болот: “Кабар” КУМА, Vesti.kg, 24.kg, Kaktus Media, Kloop.kg, Sputnik.kg, “ПолитКлиника”, Govori TV, T-Media, “Ош ТВ”, “7-канал”.

Жети интернет-басылма: Bulak.kg, “Бишкек 24”, News.kg, “Турмуш”, “Сводка”, Super.kg, Serep.kg видеолорду колдонуп, кыздын денесин чыбырчыктатып (блюрду колдонуп) жабууга аракет кылышкан. Бирок алардын ар бирисинин чыбырчыктатуусу ар башка деңгээлде болгон – айрымдары жыныстык белгилерди гана жабышса, башкалары чоңураак чыбырчыктатууну колдонушкан. Чыбырчыктатуунун тунуктугу да, дененин толук жабылышы да ар башка болгон.

Ал эми бир сайт NazarNews, видеожазуу кандай болсо ошондой, эч өзгөртүүсүз берген.

Эмне үчүн биз видеого ушунчалык көңүл буруудабыз?

Миң сөз жазып отурбай бир видеону эле көрсөтүп адамга көбүрөөк маалымат берсек болот. Бирок да анын адамдын эмоциясына таасир этүү чоң күчү бар. Ушуга байланыштуу аны колдонуунун алдында ойлонуу керек – видеонун кандай зарылчылыгы бар, аны колдонуу менен эмне максатты көздөп жатам?

Журналистиканын негизги максаты – адамды дүйнөдө болуп жаткан окуялар тууралуу калыс, так, толук маалыматтар менен камсыздоо. Аудиториясын урматтаган журналистика, биринчи кезекте, адамдын акыл-эсине таянат. Ал эми эмоциялар, сезимдер көп учурда окуяны туура кабылдоого жолтоо болот.

Жогоруда айтылган он бир медиа, балким, ушул себептен видеону колдонбоо чечимине келишкендир. Анткени ал видеону көргөн адамга эмоцияга алдырбоо мүмкүн эмес эле.

Дагы да аудиториясынын психикасына катуу залака тийгизип албоо аракети болгондур. Адамдын бардыгы эле видеону көргөндөн кийин кадыресе жашоого оңою менен келе албас. Дагы бир жагдай, киши колдуу болгондордун туугандарына, аларды билип тааныгандарга ал видеолорду көрүү өтө оор болоору, бул видеолордун көрсөтүлбөшүн каалай тургандары талашсыз. ЖМКлардын этикалык талаптарды колдонуусунун негизги максаты – күнөөсүз адамдарга залака тийгизип албоо.

КР Журналисттеринин этикалык кодексинин 14-беренсине ылайык:

“Журналист кылмыштардын, кырсыктардын жана чукул кырдаалдардын курмандыгы болгон адамдардын, ошондой эле алардын жакындары менен туугандарынын ден соолугуна жана психологиялык абалына залакасын тийгизе турган аракеттерине жол берилбейт.

Материалдарды даярдоодо журналист кылмыштардын, кырсыктардын жана чукул кырдаалдардын курмандыгы болгон адамдардын, ошондой эле алардын жакындары менен туугандарынын аты-жөнүн жана сүрөтүн жарыялоодон оолак болгону кажет. Эгер алар таанымал адамдар болсо, же өздөрү ачыкка чыкса, анда жарыялоо мүмкүн”.

Бирок да видео көрсөтүлбөсө бул окуя коомдо ушунчалык реакцияны жаратат беле деген суроо жаралат. Эгер видео көрсөтүлбөй жөн гана тексттик жаңылыктар гана даярдалган болсо, бул кылмыш көптүн бири катары, жыйынтыксыз өтүп кетиши толук мүмкүн болчу. Видеонун көрсөтүлүшү коомдо шектүүгө карата чоң кыжырланууну жаратты.

Бул окуя Кыргызстандагы аялдарга жана жаш балдарга карата зордук-зомбулук маселеси курч бойдон экенин дагы бир жолу айгинелеп көрсөтүп койду. Тынчтыктын жана аялдар коопсуздугунун дүйнөлүк индекси (WPS Index) боюнча, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң төмөнкү орунда турат.

Бирок да бул окуяга байланыштуу видеону колдонуу боюнча чоң суроолор бар.

Кыздын кулап түшүүсүн, жерде жатканын ачык көрсөтүүнүн зарылчылыгы бар беле? Подъездде да тартылган видеодо да бардык эле медиалар кыздын денесин блюр менен жетиштүү түрдө жапкан эмес, кээ бирлери жыныстык белгилерин жабуу менен гана чектелген. Ал эми NazarNews көп кыйналбай эле, видео кандай болсо, ошондой берип койгон.

Кесипкөй медиалар аудиториясын кеңейтүү тууралуу гана ойлонбостон, аудиториясын да сыйлап, ал тууралуу кам көрөт. Тилекке каршы, кыргызстандык айрым медиалар өзүлөрү да айрым учурда эмоцияга алдырып коюп жатышат.