Фактчек: “Талибан”* өзүнүн дүйнө картасын түздүбү?
Factcheck.kg редакциясына окурманыбыз коомдук тармактарда жана мессенджерлерде таркатылып жаткан бир маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылды. Анда талибдер* өзүлөрүнүн дүйнө картасын түзгөндүгү тууралуу айтылат. Кабулдун мэри көчөлөрдүн биринде глобус орнотуп, анда “Афганистан Ислам Эмиратынын” аймагы учурдагы Афганистандын аймагынан кыйла чоңураак көрсөтүлгөн имиш. Иран мненен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жерлери кошулган, ошого байланыштуу ал Казакстан менен чектешип калган.
Чынында, 6-декабрда Twitter’де Дахан-и-Баг аянтынан тартылган видео жарыяланган, андан орнотулган глобусту көрсө болот. Ал кадимки глобустан бир топ айрымаланып турат.
Бул глобуста Иран чыгыш тарабындагы Мешхед, Захедан жана Керман шаарларын “жоготкон”, бирок ага Каспий деңизинин чыгыш жээги кошулуп, Грузия менен чектеше баштаган. Пакистан борбору “Исламабадды” жана түштүк провинциясы Белуджистандын көп бөлүгүн “жоготкону” менен, индиялык Нью-Дели шаарына чукулдап барган. Учурдагы Казакстандын аймагына Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан “көчүп барышкан”, болгондо да алар Казакстан менен биргеликте аймактарынын дээрлик жарымын жоготушкан жана, талибдердин версиясы боюнча, Афганистан Казакстан менен “чектешип” калган.
Мындай глобусту түзүүнүн себеби эмнеде?
Ariana News агенттиги маалымдагандай, жергиликтүү муниципалитет Афганистанды ушундай кылып көрсөтүүдө эч кандай саясий кызыкчылыктар болбогонун билдирген.
Долбоордун инженери Эсматулла Хабибинин AFP жаңылыктар агенттигине берген интервьюсундагы сөзү боюнча, “бул өлкөбүз картада жакшыраак көрүнүп турушу үчүн жасалган”.
Сүрөтчү Абид Вардактын билдирүүсүндө, жер шарын тартып бүтүш үчүн ага 4 күн керек болгон, ал сүрөттү колго, бамбуктан жасалган тепкичке туруп алып тарткан.
Бизге жеткиликтүү маалымат боюнча, глобустун диаметри 8 м, ал эми салмагы 2 тоннаны түзөт. Атайын мотор аны мүнөтүнө беш жолу айлантып турат.
Тыянак: чындык. Глобус чынында эле Кабулдун Дахан-и-Баг аянтында орнотулган жана Афганистандын аянты анда кыйла чоңойтулуп берилген.
* “Талибан” кыймылы Кыргыз Республикасында жана да көптөгөн өлкөлөрдө террористтик деп эсептелет.