Орусия “превентивдүү ядролук соккуга” өтүүдөбү? Текшеребиз

“Путин Орусиянын превентивдүү ядролук сокку доктринасына өтөөрүн жарыялады”. Ушундай аталыштагы жаңылыктарды көптөгөн ЖМКлар Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке иш сапарынын жыйынтыктары боюнча пресс-конференциясынан кийин жазып чыгышты. 

Көптөгөн медиалар орусиялык президенттин сөзүн бул доктринага өтүү чечилген маселедей кылып беришкен. Factcheck.kg анын аныктыгын текшерип чыкты.

Путиндин сөзү Кремлдин сайтында жарыяланган. Аны кунт коюп окуп чыгып, “Первый каналдын” журналисти Путиндин “Эгер Орусия ядролук куралды биринчиден болуп колдонбосо, анда ал экинчи болуп да колдонбойт” деген цитатасын келтирип, РФдин предизентинен бул сөзүн чечмелеп берүүсүн өтүнгөнүн байкадык.

Орусия лидеринин жообунда ар түрдүү превентивдүү соккулар тууралуу сөз болду, мисалы, гиперүндүү системаларды, канаттуу ракеталарды колдонуу менен. Ал эми ядролук курал тууралуу болсо ал төмөнкүнү айткан:

“Штаттарда теорияда да, практикада да бар, ал Стратегиясында, документтеринде да жазылган – превентивдүү сокку. Бизде – жок. Биздеги Стратегияда болсо жооп иретиндеги-каршылаш сокку каралган, бул жерде эч кандай сыр жок. Жооп иретиндеги-каршылаш деген эмне? Жөн гана жооп. Бул биздин РЧЭС – ракеталык чабуул тууралуу эскертүү системабыз – Орусия Федерациясынын аймагына багытталган ракеталардын учушун аныктоосу. Учушту деп аныктайт, анан гана жооп болот. […] Бирок потенциалдуу душманыбыз алар превентивдүү соккуну колдоно алабыз деп эсептешсе, а биз – жок, бул нерсе башка өлкөлөрдү коргоого байланыштуу жагдайдарда жарала турган коркунучтар тууралуу бизди ойлондура баштайт”, – деп жооп берген Путин.

Тыянак: далилденген эмес. Орусиянын превентивдүү сокку доктринасына өтүүсү орусиялык жетекчиликти азырынча “ойлондура баштаган”, а демек бул чечилген маселе эмес.