Кекчил пенсионердин жалган окуясы

Социалдык тармактардан пенсионердин чиновниктерге каршылык көрсөтүп, кымбат жолтандабастарын ГАЗ-21 унаасы менен сүзүп кеткендигин көрсө болот.

Социалдык тармактардан пенсионердин чиновниктерге каршылык көрсөтүп, кымбат жолтандабастарын ГАЗ-21 унаасы менен сүзүп кеткендигин көрсө болот.

Бул окуя менен белгилүү адамдар бөлүшкөндүктөн, жаңылык түрдүү соцтармактарга жана мессенджерлерге тарап кеткен. Мындан тышкары, окуяны “Объектив” гезити да чагылдырганга жетишкен.

Анда төмөндөгүдөй айтылат: «76 жаштагы  Волгограддын тургуну ага айып пул салган чиновниктерден өч алган. Ал шаардык администрациянын жанында токтотулган 12 кымбат жолтандабасты сүзүп, талкалаган. Пенсионер өз күнөсканасын тиешелүү түрдө каттабагандыктан улам, ага айып пул салынган».

Шилтеме аркылуу белгилүү  panarama.pub сайтына киребиз. Белгилей кетчү жагдай, ал өзүн “сатиралык” деп мүнөздөйт жана “сайт тууралуу” деген бөлүмүндө төмөндөгүдөй маалымат бар:

«Эскертүү: panorama.pub сайтындагы бардык материалдар сатира болуп саналат жана ойдон чыгарылган. Чыныгы окуялар жана каармандар менен дал келип калган учурлар –  кокустук. Материалдар кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүү максатында эмес, сатиралык мүнөздө жасалат».

Макалада талкаланган «Волга» унаасы колдонулган. Сүрөт аркылуу издеген учурда, айдоочу чын эле бир нече унааны сүзүп кеткенин көрсө болот. Бирок жабыр тарткан унаалар кымбат жолтандабастар эмес, милициянын кызмат унаалары. Ал эми окуя Украинанын батышындагы Тернополь шаарында болгону аныкталат.

«Тернополдун таарынган тургуну өз «Волгасы» менен шаардык МАИнин алдындагы бир  нече унааны сүзүп кеткен. Эски ГАЗ-21дин ээси Алексей Янкивден 7 унаа жабыр тарткан. Анын үчөө кызматык жана төртөө МАИ кызматкерине таандык. «Волга» аларды сүзүп барып, бакка такалган.

Алексей Янкивдин айтымында, МАИ кызматкерлери анын эски унаасын каттоодон алуудан баш тарткан жана аны сатуу мүмкүн эмес болгон», – деп билдирет «Форум» информагенттиги.

Жыйынтык:

– Чиновниктердин 12 унаасын талкалаган кекчил пенсионер тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт, ал фейк.