Индира Жолдубаевага жабылган жалаа жана telegra.ph сайтынын иштөө принциби тууралуу

Социалдык тармактарда telegra.ph сайтынын Индира Жолдубаева тууралуу макаласы жайылды.

Социалдык тармактарда telegra.ph  сайтынын Индира Жолдубаева тууралуу макаласы жайылды.  «Экс-генпрокурор Индира Жолдубаева: «Дача-Судагы кырсыкка тиешелүү бардык далилдерди Атамбаев жок кылды» аттуу чыккан макаланы текшеребиз.

Алгач КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева маалыматты төгүндөгөнүн белгилеп кетүү зарыл. Мындан тышкары макала жайгаштырылган сайтты аныктайбыз. Шектүү ресурста «сенсациялар» биринчи ирет жарыяланып аткан жок.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/e3c8889e92850be172419ebb0bbf8efc01a00949.JPG?resize=566%2C1034

Telegra.ph – telegram мессенджеринин авторлору иштеп чыккан өзүнчө продукт.

“Telegra.ph ресурсу Телеграм каналыңыздагы маалыматты ЖМК аркылуу жарыялагандай мүмкүнчүлүктү берет”, – деп билдирет Telegra.ph интернет куралынын авторлору.

Башкача айтканда, Телеграм каналынын ар бир колдонуучусу жаңылык жазып, ага сүрөт жана видео бекитип, Telegra.ph  аркылуу жайылтса,  маалымат кадимки ЖМК, маалымат сайты аркылуу таралгандай пикир калтырат.

«Бүгүн биз Telegra.ph  басма куралын ишке киргиздик. Ал  markdown  (веб үчүн даярдоочу текстти белгилөө тили — Esquire) негизинде сүрөт жана башка элементтерди колдонуу менен ишендирерлик макала жарыялаганга мүмкүнчүлүк берет», — деп билдиришкен  мессенджердин авторлору өзүнүн расмий сайтында.

telegra.ph ресурсунда жаңылыктарды анонимдүү да жарыяласа болот. Анда «автор» деген бөлүм бар, бирок ага карабай каалаган колдонуучу каалаган атты жазып койсо болот. Аны тактоонун же текшерүүнүн да кажети жок. Ал тургай, электрондук дарек да талап кылынбайт.

«Telegra.ph интернет куралына жайгаштырылган тексттин авторун жана ЖМКны текшерүү мүмкүн эмес. Ал тууралуу маалыматты окурман биле албайт: “макаланы ким жазган?”, “ал кай жерде иштейт?”, “жаңылык кайсы ЖМКга таандык?”, “ЖМКнын деңгээли, кадыр-баркы кандай?”, “ал кимдин кызыкчылыгын коргойт?”деген суроолордун ачык бойдон калышы фейктер, проквокация үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Маалымат согушуна жол ачып, жазалангыс коркунучтуу жана кыйратуучу максаттарды ишке ашырууга себепкер болот» – дейтЛюдмила Кудрявцева, vc.ru кабарчысы.

Буга чейин Factcheck.kg анонимдүү жана фейк колдонуучулардын дал ушу ресурсту өз пайдасына колдонгонуна бир нече ирет күбө болгон.

Эми кезек жалаадан жабыр тарткан экс-генералдык прокурор Индира Жолдубаева келип жетти. Анын сөзү катары берилген маалымат чындыкка дал келбейт.

Биз Жолдубаева менен телефон аркылуу байланышканыбызда, ал эч кимге интервью бербегенин айтып, өзү тууралуу маалыматты төгүндөдү.

«Бул фейк. Мен социалдык тармактар менен колдонбойм жана акыркы убакта журналисттер менен баарлашкан эмесмин», – деп билдирди ал.

Жаңылыктын өзүндө булак катары chagylban.kg агенттиги аталган. Мындай сайт жок экенин белгилейбиз. Материалдын автору окурман байкабай калышы үчүн атайлап chagylgan.kg сайтынын бир тамгасын алмаштырган.

Жыйынтык:

– telegra.ph ресурсу фейк маалыматты жайылтууга мүмкүнчүлүк берет.

– Индира Джолдубаева итервью берген эмес, жана макалада айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт.

– Маалымат катары көрсөтүлгөн булак – chagylban.kg сайты жок. Автор тарабынан  «тамга алмаштыруу» манипуляция ыкмасы колдонулган.